Кытайда гуманоид робот 100 метрге чуркап рекорд койду

Дүйнө 24 Август 2026 09:45
-1787420841-0.webp
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.08.26. /Бишкек/. Кытайда "Чагылган" деген атка ээ болгон гуманоид робот 100 метрге чуркап жаңы рекорд койду. Бул тууралуу БелТА Кытайдын борбордук телеканалына шилтеме келтирип жазды.

Маалыматка ылайык, робот бул аралыкты 9,32 секундада чуркап өтүп, жөө күлүк Усэйн Болттун 9,58 секундалык дүйнөлүк рекордун жаңылады.

Гуманоиддин рекорду экинчи дүйнөлүк гуманоид робот оюндарынын алдындагы сыноо учурунда коюлду. "Чагылгандын" ылдамдыгы 14,5 м/с түздү.

Робот 100 м, 400 м жана 1500 м жарыштарга катышат деп күтүлүүдө. 22-26-августта Пекиндеги оюндарда узундукка секирүү, оор атлетика, стол тенниси жана башка спорт түрлөрү боюнча мелдештер да болот.