Кытайда эми үч жашка чейинки баласы бар үй-бүлөлөргө акча төлөнөт

Дүйнө Загрузка... 29 Июль 2025 09:05
WhatsApp Image 2025-07-29 at 05.12.32.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Кытай өкмөтү үч жашка чейинки ар бир балага жылына 3,6 миң юань (503 доллар) өлчөмүндө субсидияларды караган жалпы улуттук программаны жарыялады. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, субсидия алуу үчүн 2022-жылдан баштап 2024-жылга чейин төрөлгөн балдардын ата-энелери кайрыла алышат. Бул каражатты 20 миллиондон ашык үй-бүлө алат.

Мындай программанын жардамы менен өлкөдөгү төрөттү, ошондой эле керектөө чыгымдарын колдоого маани берилип жатканы айтылууда.

2024-жылы Кытайда 9,5 млн бала төрөлүп, 10,9 млн адам каза болгон. Өлкөнүн калкынын саны үчүнчү жыл катары менен кыскарууда.

Эксперттердин белгилешинче, субсидия көлөмү өтө аз жана жакынкы келечекте төрөлүү көрсөткүчүнө же керектөөгө олуттуу таасир тийгизе албайт, бирок бул программа келечекте үй чарбаларын кеңири колдоо үчүн негиз болуп калышы мүмкүн.