Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Кытайдын Чунцин шаарында эки жашар бала кокусунан көп кабаттуу үйдүн 20-кабатынын балконунан кулап кетип, аман калды. Бул тууралуу Singtao басылмасы билдиргенин Известия жазды.
Маалыматка караганда, баланын жерге урунуусун бак-дарак жана чөп жеңилдеткен. Бирок ага карабастан бала көптөгөн жаракаттарды жана сыныктарды алып, ооруканага жеткирилген.
Дарыгерлердин айтымында, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин баланын абалы турукташкан.
Ошондой эле алар үйдүн күзөтчүсүнүн убагында тез жардам көрсөткөндүгү да баланын өмүрүн сактап калууга таасирин тийгизгенин белгилешти.