Бишкек, 18.08.25 /Кабар/. Кытайда алгач ирет гуманоид роботтордун дүйнөлүк оюндары өттү. Пекин шаарында өткөн бул таймашка 16 өлкөдөн келген 280 команда катышты. Бул тууралуу Российская газета басылмасы жазды.
Маалыматта белгиленгендей, роботтор өзүнүн “таланттарын” 26 багыт боюнча сынашты. Жеңил атлетика, футбол, стол тенниси, бокс жана башка спорттун түрлөрү боюнча күч сынашып, ошондой эле дары-дармек сорттоо, мейманкана бөлмөлөрүн тазалоо, кампада жана заводдогу чогултуу линияларында иштөө ж.б. күнүмдүк иштерди аткарышты.
Айрым роботтордун мүмкүнчүлүктөрү катышуучуларды абдан таң калтырды. Алар электр ширетүү, тамак жасоо, бөтөлкө ачуу, жаңгак чагуу, тепкичтен чыгуу, ылдам чуркоо (секундуна 3 метрге чейин), сальто жасоо жана оркестрди башкаруу сыяктуу нерселерди көрсөтүштү.
Бул оюндарды Кытай өкмөтү колдоп, мындан ары жасалма интеллект жана робототехника боюнча стартаптарга 137 млрд долларлык фонд түзүлөрү пландалып жатканы айтылат.