Кытайда 300 миң жыл мурунку артефактылар табылды

Дүйнө Загрузка... 04 Июль 2025 10:00
WhatsApp Image 2025-07-04 at 08.45.45.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 04.07.25 /Кабар/. Кытайдагы археологдор 250 миң жылдан 361 миң жылга чейинки убакытка таандык 35 жыгач артефактыны табышты. Бул тууралуу Science журналына таянып Известия жазды.

Маалыматка ылайык, байыркы жыгач буюмдар Куньмин шаарына жакын жайгашкан Гантанцин деген жерден табылган.

Алардын арасында таш куралдардын жардамы менен дарактын бутактары жана тамырларынан жасалган казуучу таяктар бар. Учу учталган бул куралдар тамырларды жана жашылчаларды казып алуу үчүн колдонулганы айтылат.