Кытайда 25-кабаттан кулаган кыз аман калды

1908 21 Апрель 2025 17:36
WhatsApp Image 2025-04-21 at 14.28.33.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-21 at 14.28.33 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-04-21 at 14.28.33.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-21 at 14.28.33 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек 21.04.25 /Кабар/. Кытайдын түндүгүндө жашаган тогуз жаштагы кыз 25-кабаттан кулап, аман калды. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги жазды.

Малыматка караганда, окуя күн мурун Хэбэй провинциясынын Таншан шаарында болгон.

Апасынын айтымында, кыз терезени ачууну чечкен. Бирок терезе сапатсыз болгондуктан сынып, ал 25 кабат ылдыйда жайгашкан аянтчага кулап түшкөн. Атасы кызды кечки тамакка чакырганы барганда аны таппай, терезени карап эч кимди көргөн эмес.

Үй-бүлө кыздын кайда экенин турак жай комплексинин жетекчисинен билишкен.

Таншандагы бардык ооруканалар аны кабыл алуудан баш тарткандыктан, ата-энеси кызды шашылыш түрдө 200 чакырым алыстыктагы Пекинге алып кетишкен.

Ага омурткалары сынган деген диагноз коюлган. Мээси жабыркаган эмес.