Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Кытайдын "Чанчжэн-6А" ракетасы орбитага үч космостук "Яогань-40-02" спутнигин учурду. Бул тууралуу Кытайдын аэрокосмостук илимдер жана техникалар корпорациясы (CASC) кабарлаганын Интерфакс жазды.
Үч баскычтуу ракета Шаньси провинциясындагы Тайюань космодромунда Пекин убактысы боюнча саат 21:27де учурулду. Космостук аппараттар орбитага ийгиликтүү жеткенин айтылды.
CASC маалымдагандай, спутниктер электромагниттик мониторингдерди жүргүзүү жана жаңы технологияларды сыноодон өткөрүү үчүн колдонулат.