Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Кытай CZ-7A ("Чанчжэн-7-эй") алып жүрүүчү ракетасынын жардамы менен Yaogan-46 Жерди аралыктан байкоочу спутнигин орбитага ийгиликтүү чыгарды. Бул тууралуу Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги билдирди.
Учуруу 3-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:47де Хайнань провинциясындагы Вэньчан космодромунан ишке ашырылды. Спутник белгиленген орбитага чыгып, учуруу ийгиликтүү деп табылды.
Yaogan-46 аралыктан байкоо спутниги жаратылыш кырсыктарынан алдын ала эскертүү, жер ресурстарын изилдөө жана метеорологиялык изилдөөлөр үчүн колдонулат.
Бул "Чанчжэн" сериясындагы алып жүрүүчү ракеталар үчүн 605-миссия болуп саналат.
Пекин улуттук космостук программасын жигердүү өнүктүрүп, метеорологиялык, телекоммуникациялык жана навигациялык спутниктерди, ошондой эле Айды өздөштүрүүгө арналган технологияларды иштеп чыгууда. Мамлекеттин колдоосу менен кытайлык адистер астероиддерди жана Марсты изилдөө долбоорлорун ишке ашырып жатышат.
Орбитада Кытайдын Эл аралык кызматташтыка арналган космостук станциясы дагы иштейт. 2024-жылы Кытай 68 ирет учурууну ишке ашырган.