Бишкек, 10.06.26 /Кабар/. Кытай дүйнөдөгү эң ири кеме шлюзу камтылган жаңы суу транспорттук долбоорунун курулушун расмий түрдө баштады. Долбоор өлкөнүн негизги суу жолу болгон Янцзы дарыясы аркылуу жүк ташуулардын көлөмү өсүп жаткан шартта ишке ашырылып жатканын Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка ылайык, жалпы баасы 77,2 миллиард юанды (болжол менен 11,3 миллиард доллар) түзгөн долбоордун алкагында “Үч капчыгай” суу түйүнүнүн түндүк тарабында беш деңгээлдүү, эки багыттуу жаңы кеме шлюзу курулат. Ошондой эле дарыянын төмөнкү агымындагы башка гидротехникалык жана навигациялык объектилер жаңыланат.
Жаңы курула турган шлюз дүйнөдөгү эң ири гидротехникалык курулуштардын бири болгон “Үч капчыгай” дамба комплексин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтет.
Долбоор толугу менен аяктагандан кийин “Үч капчыгай” суу жолунун жылдык жүк өткөрүү кубаттуулугу дээрлик эки эсеге көбөйүп, 336 миллион тоннага жетери күтүлүүдө.
Адистердин айтымында, бул ири инфраструктуралык долбоор Кытайдын ички соодасын жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.