Кытай учкучсуз “Шэньчжоу-22” кемесин орбитага чыгарды

Дүйнө Загрузка... 26 Ноябрь 2025 09:55
WhatsApp Image 2025-11-26 at 10.02.25.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.25 /Кабар/. Кытай улуттук орбиталык станциясына учкучсуз “Шэньчжоу-22” космос кемесин жөнөттү. Бул тууралуу Интерфакс маалымдайт.

Анда белгиленгендей, кеме станцияга барып, космостук таштандыга урунуудан жабыркаган “Шэньчжоу-20” кемесин алмаштырат. Адистердин айтуусу боюнча, мурунку кеменин иллюминаторунда майда жаракалар пайда болгон.

“Шэньчжоу-22” ошондой эле азыр станцияда иштеп жаткан үч космонавтты 2026-жылы Жерге кайтаруу максатында жиберилген. Алар - Чжан Лу, У Фэй жана Чжан Хунчжан. 31-октябрда “Шэньчжоу-21” менен келишкен жана орбитада болжол менен алты айдай болушат.