Кытай төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди — Кабар

Кытай төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди

Саясат 30 август 2026 14:55
IMG_1903.jpeg
IMG_1912.jpeg
IMG_1904.jpeg
IMG_1905.jpeg
IMG_1906.jpeg
IMG_1907.jpeg
IMG_1910.jpeg
IMG_1909.jpeg
IMG_1908.jpeg
IMG_1911.jpeg
IMG_1913.jpeg
IMG_1916.jpeg
IMG_1915.jpeg
IMG_1914.jpeg
IMG_1917.jpeg
IMG_1918.jpeg
IMG_1919.jpeg
IMG_1922.jpeg
IMG_1921.jpeg
IMG_1920.jpeg
IMG_1923.jpeg
IMG_1924.jpeg
IMG_1925.jpeg
IMG_1928.jpeg
IMG_1927.jpeg
IMG_1926.jpeg
IMG_1929.jpeg
IMG_1930.jpeg
IMG_1931.jpeg
IMG_1934.jpeg
IMG_1933.jpeg
IMG_1932.jpeg
IMG_1936.jpeg
IMG_1937.jpeg
IMG_1935.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1903.jpeg
IMG_1912.jpeg
IMG_1904.jpeg
IMG_1905.jpeg
IMG_1906.jpeg
IMG_1907.jpeg
IMG_1910.jpeg
IMG_1909.jpeg
IMG_1908.jpeg
IMG_1911.jpeg
IMG_1913.jpeg
IMG_1916.jpeg
IMG_1915.jpeg
IMG_1914.jpeg
IMG_1917.jpeg
IMG_1918.jpeg
IMG_1919.jpeg
IMG_1922.jpeg
IMG_1921.jpeg
IMG_1920.jpeg
IMG_1923.jpeg
IMG_1924.jpeg
IMG_1925.jpeg
IMG_1928.jpeg
IMG_1927.jpeg
IMG_1926.jpeg
IMG_1929.jpeg
IMG_1930.jpeg
IMG_1931.jpeg
IMG_1934.jpeg
IMG_1933.jpeg
IMG_1932.jpeg
IMG_1936.jpeg
IMG_1937.jpeg
IMG_1935.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди.

КЭР төрагасы Си Цзиньпинди жана КЭР биринчи айымы Пэн Лиюанды “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова тосуп алышты.

Флагштокторго эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем төшөлүп, Ардак кароол тизилген.

Кыргыз улуттук кийимдерин кийген кыздар кыргыз элинин меймандостугун жана кең пейилдигин билдирген салттуу даамдар - боорсок жана бал сунушту.

Салтанаттуу аземдин маанайын аскер оркестринин жана добулбасчылар ансамблинин аткаруусу толуктады.

Ардактуу конокторду комузчулар, бий топтору жана салттуу “Салбуурун” маданиятынын өкүлдөрү тосуп алышты.

Аземде кыргыз элинин баатырдык мурасын жана рухунун күчүн даңазалаган “Алп баатырлар” композициясы өзгөчө орунду ээледи.

Салтанаттуу программа аэропорттун VIP залында улантылып, анда коноктор үчүн балдар хору жана жаш аткаруучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Эки элдин достугунун өзгөчө символу катары балдардын кыргыз жана кытай тилдеринде музыкалык чыгарма аткаруусу болду.