Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. 2023-жылы дүйнөлүк океандын ысышы тарыхтагы эң жогорку температурага жеткен. Кытайлык окумуштуулар бул көрүнүш жер шарындагы климаттын олуттуу өзгөрүшүнө себеп болушу мүмкүн экендигин билдиришкенин Science журналына таянып, Известия басылмасы жазды.
Андагы маалыматтарга ылайык, океандагы жылуулук толкундары мурдагы жылдарга салыштырмалуу төрт эсе узакка созулуп, дүйнөлүк океандын 96 пайызын каптаган. Түндүк Атлантикада мындай толкундар 525 күнгө созулуп, ал эми Тынч океандын чыгышында температура 1,63 градуска көтөрүлгөн.
Окумуштуулар бул көрүнүштү булуттуулуктун азайышы, шамалдын басаңдашы жана океан агымдарынын өзгөрүшү менен байланыштырышууда. Алардын айтымында, океандын ашыкча ысышы климаттык чоң өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн.