Кытай окумуштуулары диабетке каршы жаңы дары ойлоп табышты

Дүйнө 192 17 Август 2026 09:00
17866944116253257288_1200x630.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Кытайлык окумуштуулар кант диабетин дарылоонун жаңы ыкмасын иштеп чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазышты.

Чыгыш Кытай педагогикалык университетинин окумуштуулары кандагы глюкозанын деңгээлин таанып, ага жараша жооп бере алган ооз аркылуу кабыл алынуучу пробиотикалык препаратты иштеп чыгышкан.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, препарат кандагы канттын өзгөрүшүн реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп, анын деңгээлин төмөндөтүүчү гормондорду өз алдынча бөлүп чыгара алат. Мындай ыкма дарынын дозасын кандагы глюкозанын деңгээлине жараша автоматтык түрдө жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

Изилдөөнүн жыйынтыгы 12-августта Nature журналында жарыяланган. Авторлор жаңы ыкма диабет менен ооруган миллиондогон адамдар үчүн коопсуз жана организмдин табигый процесстерине жакын дарылоо ыкмасын сунуштайт деп белгилешкен.