Кытай мамкызматкерлерге чет өлкөгө чыгууга тыюу салууну күчөттү

Дүйнө 4 август 2025 10:45
Кытай мамкызматкерлерге чет өлкөгө чыгууга тыюу салууну күчөттү
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 04.07.25 /Кабар/. Кытайда бийлик мамлекеттик кызматкерлердин чет элдиктер менен байланышына бөгөт коюп, чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салууну улантууда. Бул тууралуу Нью-Йорк Таймс басылмасына таянып, Коммерсант агенттиги жазды.

Маалыматта белгиленгендей, чет жакка жеке себеп менен чыгуу үчүн уруксат керек, ал эми иш сапарлар, тажрыйба алмашуу жана окуу үчүн чет өлкөгө чыгууга болбойт. Бул тыюулар мугалимдерге, бала бакча тарбиячыларына, дарыгерлерге жана мамлекеттик компанияларда иштеген жөнөкөй кызматкерлерге да тиешелүү.

Ошондой эле кээ бир аймактарда кызматкерлер шаардан чыгып кетерде жетекчисине кабар бериши керек. Жетекчилер алардын социалдык тармактардагы аккаунттарына кире алышы керек. Айрым жерлерде үчтөн ашык кызматкердин бирге түштөнүүсүнө да тыюу салынган.

Бул чаралар саясий тартипти жана идеологиялык берилүүнү бекемдөөгө багытталган деп айтылат. Кытай өлкөсү мындай тыюуларды 20 жылдан бери киргизип келет.