Кытай космосто адам эмбрионунун жасалма моделин изилдей баштады

Дүйнө Загрузка... 14 Май 2026 10:00
WhatsApp Image 2026-05-14 at 09.46.02.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.05.26 /Кабар/. Кытай космосто адам эмбрионунун жасалма моделин изилдөө боюнча дүйнөдө алгачкы экспериментти баштады. Бул тууралуу Казинформ билдирет.

Маалыматка ылайык, изилдөө Кытайдын орбиталык станциясында жүргүзүлүүдө. Анын негизги максаты — микрогравитация адам клеткаларынын эң алгачкы өнүгүү баскычтарына кандай таасир тийгизерин аныктоо жана узак мөөнөттүү космостук миссияларда жаралышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди изилдөө.

Эксперименттик үлгүлөр орбитага “Тяньчжоу-10” жүк кемеси аркылуу жеткирилген. Космонавттар аларды станциянын илимий модулуна жайгаштырган.

Окумуштуулар булар чыныгы адам эмбриондору эмес экенин белгилешти. Эксперимент үчүн өзөк клеткаларынан жасалган атайын биологиялык түзүлүштөр колдонулууда. Алар эмбриондун алгачкы өнүгүү этаптарына окшош, бирок толук кандуу организмге айлана албайт.

Эксперимент кадимки тартипте жүрүүдө. Орбиталык станциядагы автоматташтырылган система күн сайын азыктандыруучу чөйрөнү алмаштырып, изилдөө үчүн керектүү шарттарды камсыздап турат.

Изилдөөдө жатын клеткаларына жайгаштырылган жана микрофлюиддик чиптин ичинде кармалган эки модель колдонулууда. Бул жердеги негизги максат — салмаксыздык эрте клеткалык өнүгүү процесстерине кандай таасир этерин аныктоо.

Ошол эле учурда ушундай эле эксперименттер Жер шарында да жүргүзүлүп жатат. Бул окумуштууларга гравитация жана микрогравитация шартындагы айырмачылыктарды салыштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Эксперимент беш күнгө созулат. Андан кийин үлгүлөр орбитада тоңдурулуп, кайра Жерге жөнөтүлөт. Окумуштуулар алынган маалыматтар келечекте адамзаттын узак космостук сапарларын жана алыскы миссияларын коопсуз пландоого жардам берет деп эсептешет.