Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Кытайдын «Чанчжэн-2F» ракетасы жума күнү Ганьсу провинциясындагы Цзюцюань спутник учуруу борборунан ийгиликтүү учурулду. Пилоттук «Шэньчжоу-21» космос кемесинин бортунда үч космонавт жана төрт лабораториялык чычкан бар. Учурууну Кытайдын Борбордук телеканалы (CCTV) түз көрсөттү.
Учуруу Пекин убактысы боюнча саат 23:44тө (Москва убактысы боюнча саат 18:44) болуп, пландалгандай жүрдү. Космос кемеси Кытайдын Тяньгун орбиталык станциясына бара жатат, ал жерде экипаж болжол менен 6 ай өткөрөт.
Негизги экипаждын курамына төмөнкү адистер кирет:
- Чжан Лу — миссиянын командири, буга чейин «Шэньчжоу-15» программасынын алкагында станциянын бортунда 6 ай иштеген;
- Фэй — борт инженер;
- Чжан Хунчжан — пайдубал жүктөмү боюнча адис.
Бул Ву Фэй менен Чжан Хунчжандын биринчи учуусу болду. Станцияда жүргөн учурда экипаж 27 илимий жана эксперимент жүргүзөт. Кеменин бортунда 4 чычкан бар (эки эркек жана эки ургаачы).
Кытайдын адамдардын космоско учуу программасынын өкүлү Чжан Цзинбо билдиргендей, бул өлкөнүн орбитада кемирүүчүлөр менен жүргүзгөн биринчи эксперименти. Изилдөөлөр микро гравитация жана жабык мейкиндиктин жаныбарлардын жүрүм-туруму жана физиологиясына тийгизген таасирин изилдөөгө багытталган. Миссия аяктаганда чычкандар Жерге кайтарылып, стресс реакциялары жана ткандар менен органдардын өзгөрүүлөрү анализденет.
24-апрелде келген "Шэньчжоу-20" космос кемесинин экипажы учурда Тяньгун орбиталык станциясында иштеп жатат. Анын командири Чен Дон, бул анын үчүнчү миссиясы. Ага миссияга Чэнь Чжунжуй жана Кытайдын космостук технологиялар академиясынын мурдагы аба күчтөрүнүн офицери жана инженери Ван Цзе кошулду.
Космос кемелеринин ийгиликтүү биригишинен кийин эки экипаж биргеликте иш алып барып, кадрлардын алмашуусун жүзөгө ашырат деп күтүлүүдө.