Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын POWERCHINA компаниясынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда тараптар Кыргызстандын аймагында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.
Анын ичинде энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү, гидроэнергетикалык объектилерди куруу, ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы долбоорлор каралды.
"Кыргызстан эл аралык инвесторлор менен өнөктөштүк мамилелерди ырааттуу бекемдеп, стратегиялык маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп келет. POWERCHINA сыяктуу ири компаниялар менен кызматташуу энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүдө, инновациялык чечимдерди киргизүүдө жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыздоодо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", — деп айтты Сабиров.
Кыргыз тарап инвесторлорго колдоо көрсөтүүгө, анын ичинде долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында коштоп турууга даяр экенин белгиледи.