Кытайда ЖЭБдин зыяндуу түтүнүнөн жер семирткич өндүрө башташты

Дүйнө Загрузка... 18 Май 2026 09:15
16b8e620-d38c-4c5f-8cc8-4e1eaf02b112.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Кытайда көмүр менен иштеген жылуулук электр станцияларынын зыяндуу түтүнүн пайдалуу продукцияга айландырган жаңы технология ишке кирди. Бул тууралуу Kaзинформ кабарлайт.

Маалыматка ылайык, эми атмосферага бөлүнүп чыгуучу көмүр кычкыл газы жана күкүрттүү газдар айыл чарбасына керектүү арзан жер семирткичке айландырылууда.

Долбоорду Кытайдын "Jiangnan Environmental Technology" компаниясы ишке ашырып жатат. Станциядан чыккан түтүн атайын система аркылуу өткөрүлүп, анын курамындагы көмүр кычкыл газы (CO₂) менен күкүрт бөлүнүп алынат. Андан соң алар аммиак менен химиялык реакцияга кирип, аммоний сульфаты жана аммоний бикарбонаты сыяктуу жер семирткичтерге айланат.

Адистердин айтымында, бул ыкма абага тараган зыяндуу газдардын көлөмүн азайтуу менен бирге, фермерлер үчүн арзан жана натыйжалуу жер семирткич өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул технология көмүр энергетикасынын экологияга тийгизген терс таасирин азайтуу менен бирге, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган пайдалуу жаңылык катары бааланууда.