Кытай энергетика рыногунда лидерлик боюнча жарышта АКШны басып өттү

Дүйнө Загрузка... 07 Октябрь 2025 08:50
owl_detail_620_e2d5.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
copyright icon WWW

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. 2025-жылы Кытай дүйнөлүк энергетика рыногунда эң ири экспортер болуу жарышында негизги атаандашы АКШны басып өттү, деп билдирет Bloomberg Ember аналитикалык борборунун маалыматтарына таянып.

Үстүбүздөгү жылдын жети айында Кытайдын жалпы энергетикалык экспорту акчалай алганда 120 млрд долларды түздү. АКШ үчүн салыштырмалуу көрсөткүч дээрлик 40 млрд долларга аз болгон. Эксперттер АКШнын энергия экспорту отчеттук мезгилде болжол менен 80 млрд долларга жеткенин такташкан.

Кайра жаралуучу энергия технологиялары Кытайдын экспортунун олуттуу бөлүгүн түзөт, анын ичинде күн батареялары жана электр унаалары. Август айында эле Кытайдын бул продукциянын экспорту январь-июль айларынын аралыгында акчалай эсептегенде болжол менен 20 млрд долларды түздү. Бул Азия өлкөсү үчүн бир айлык рекорддук көрсөткүч болду.

Кайра жаралуучу энергетика технологиялары Кытайдан негизинен өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жөнөтүлөт. Батыш тарапка электр унааларын (электрокарларды) экспорттоону активдүү көбөйтүүгө АКШ менен Европа Биримдиги тарабынан киргизилген тоскоолдук жолтоо болууда. АКШ Кытайдын электр унааларын сатып алууга 100 пайыздык тарифтерди киргизсе, Евробиримдик өндүрүүчүгө жана техникалык мүнөздөмөлөргө жараша 35,3 пайызга чейинки кошумча алымдарды койду.

"Bloomberg" агенттиги белгилегендей, кийинки жылдан тарта Кытайдын автоконцерндери өзүнүн башкы артыкчылыгынан — бааны төмөндөтүү (демпинг кылуу) мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Жергиликтүү бийлик аларды экспорттук лицензияларды алууга милдеттендирди. Эксперттер бул чара Азия өлкөсүндө чыгарылган электрокарлардын сапатын жогорулатууга багытталганын белгилешет. Жыйынтыгында Кытайдан мындай продукциянын экспорту саны боюнча азайышы, бирок акчалай туюндурууда (наркы) көбөйүшү мүмкүн.