Кытай дүйнөлүк гуманоид роботтор рыногунун 97 пайызын ээледи

Дүйнө 107 12 Август 2026 12:35
WhatsApp Image 2026-08-12 at 08.46.26.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Жылдын биринчи жарымында кытайлык компаниялар гуманоид роботтордун дүйнөлүк жеткирүүлөрүнүн 97 пайызын түздү. Бул тууралуу Global Times басылмасына шилтеме менен Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, гуманоид роботтордун глобалдык жеткирүүлөрү өткөн жылга салыштырмалуу 272 пайызга өстү. Кытай рыногу дүйнөлүк суроо-талаптын 85 пайыздан ашыгын түзгөн.

Кытайда гуманоид роботтордун 400дөн ашык модели иштелип чыккан, бул дүйнө жүзү боюнча жалпы сандын жарымынан көбүн түзөт. Кытайлык өндүрүүчүлөрдүн төрт буттуу робот сегментиндеги үлүшү дүйнөлүк сатуунун дээрлик 70 пайызына жетет.

Бул жылы Кытай 100 миңден ашык гуманоид роботторду чыгарышы мүмкүн, кийинки жылдары андан ары өсүшү күтүлүүдө.

Расмий статистикага ылайык, Кытайдын өнөр жай роботторунун экспорту жылдын биринчи жарымында 6,29 млрд юань (876 млн доллар) өлчөмүндө болуп, 141 өлкөгө жана аймакка жеткен. Хирургиялык роботтордун экспорту 3,3 эсеге өстү, ал эми робототехниканын жалпы экспорту 359 пайызга өстү.