Кышта жарык өчпөйбү? Энергетикалык жабдууларды оңдоо уланууда

Коом 16 октябрь 2026 09:50
Кышта жарык өчпөйбү? Энергетикалык жабдууларды оңдоо уланууда
copyright icon www

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсы алдыдагы 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде калкка электр энергиясын ишенимдүү жеткирүүнү камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Кыргызстан улуттук электр тармагынан” билдиришти.

Учурда электр тармактарын жана жабдууларды жогорку жүктөм шартында иштөөгө даярдоо улантылууда. Оңдоо иштери жүргүзүлүп, энергетикалык инфраструктура модернизацияланууда, ошондой эле ыкчам жана техникалык кызматтардын даярдыгы жогорулатылууда.

Компаниядан белгилешкендей, күз-кыш мезгилинин өтүшү көбүнчө аба ырайынын шартынан, электр энергиясын керектөөнүн деңгээлинен жана энергосистемага түшкөн иш жүзүндөгү жүктөмдөн көз каранды.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсынын негизги милдети — керектөөчүлөрдү мүмкүн болушунча туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу. Энергетиктер электр тармактарынын туруктуу иштеши үчүн зарыл болгон аракеттерди көрүшүп, келип чыккан техникалык кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө даяр.

Муну менен бирге компания керектөөчүлөрдү электр энергиясын, өзгөртөп энергосистемага максималдуу жүктөм түшкөн сааттарда, үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

Белгиленгендей, компания электр энергиясын Бишкек ЖЭБинен жана өлкөнүн гидроэлектростанцияларынан электр берүү чубалгылары аркылуу турак үйлөргө жана офистерге чейин жеткирүү үчүн жооп берет. Ал эми электр энергиясын иштеп чыгуу ГЭСтерде жана Бишкек ЖЭБинде жүзөгө ашырылат.