Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. Италияда өтө турган 2026-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын отун жандыруу аземи 26-ноябрда Байыркы олимпия археологиялык музейинде өтөт. Мындай чечим аба ырайына байланыштуу кабыл алынганын Грециянын Улуттук олимпиадалык комитетине таянып, Известия билдирет.
Маалыматка караганда, салтанатта от адаттагыдай ачык аянтта эмес, музейдин ичинде жандырылат. Музейдин аянты чектелүү болгондуктан, иш-чара жалпы эл үчүн жабык болот.
От жангандан кийин 2 200 чакырымды камтыган, Грециянын 23 региондук бөлүмүн жана жети административдик аймагын аралап өтүүчү тогуз күндүк факел эстафетасы башталып, жалпы 36 тосуп алуу аземи уюштурулат.
Салтанаттуу иш-чара өлкөнүн президентинин жана олимпиаданы уюштуруу комитеттеринин катышуусунда өтөт.