Сел, өрт жана башка күтүүсүз кырсыктар турак жайды алдын ала коргоонун маанилүүлүгүн көрсөтүүдө. Турак жайы кандайдыр бир себептер менен зыянга учураган жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өз убагында жана керектүү учурда берилиши элдин ишенимин арттырып, үйүн алдын ала камсыздандырууга түрткү болууда.
Акыркы күндөрү өлкөнүн бир катар аймактарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн учурлар көп катталды. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда үч турак үйдү жана 16 короо-жайды суу каптаса, Баткен шаарында, Баткен жана Кадамжай райондорунда сел үйлөргө, жолдорго жана административдик имараттарга зыян келтирди. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жана Кочкор-Ата шаарында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда сел жүрүп, айрым аймактарда дарыянын нугу өзгөрүп, турак жайларга чектеш тилкелерди суу каптады. Мындай селдер апрель айынан тарта өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында катталып келет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкөдө 280 сел катталып, бул табигый кырсыктардын активдешкенин көрсөтүүдө.

Мындай кырсыктардан кийин камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өз убагында жүргүзүлүшү жарандардын ишенимин арттырып, турак жайын камсыздандыргандардын санынын өсүшүнө таасир этүүдө.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Камсыздандыруунун ордун толтуруу жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Азатбек Осмоналиевдин айтымында, бүгүнкү күнгө карата турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча жалпы 186 төлөм жүргүзүлүп, 36 млн 28 миң 44 сом төлөнгөн. Анын ичинен сел кырсыктары боюнча 40 учурга 8 млн 400 миң 788 сом камсыздандыруу төлөмү берилген.
Ал эми аймактардагы төлөмдөргө кайрылсак, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын филиалынын директорунун орун басары Нурсултан Мамытов Ак-Талаа районундагы акыркы сел боюнча учурда үч турак жайдын документтери каралып жатканын билдирет.
“Күн мурун Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылында жүргөн селден улам үч жарандын турак жайына суу кирген. Аларга камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлөт. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясынын актысы даярдалып жатат. Комиссия жеринде текшерүү жүргүзүп, тиешелүү документтерди чогултууда. Жыйынтыгы чыккандан кийин чыгым эсептелип, төлөмдөр жүргүзүлөт”, — деди ал.

Анын айтымында, быйыл Нарын облусунда турак жайларга байланыштуу төрт камсыздандыруу учуру катталган. Алардын экөө өрттөн, экөө катуу шамалдан жабыркап, төрт жаранга жалпысынан 861 миң 851 сом төлөнгөн.
Ошондой эле жыл башынан бери облус боюнча 49 камсыздандыруу учуру боюнча 9 млн сомдон ашык төлөм жүргүзүлгөн. Салыштыруу үчүн, өткөн жылы 71 окуя боюнча 4 млн сом төлөнгөн. Ал эми былтыр турак жайларга байланыштуу 48 жаранга 1 млн 150 миң сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү берилген. Бул көрсөткүчтүн жогору болушуна эки жолу катталган катуу шамал себеп болгон.
Нурсултан Мамытов белгилегендей, турак жайын камсыздандырган жарандардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө.
“Өткөн жылдын жети айында облус боюнча 8 миң 174 турак жай камсыздандырылса, быйыл бул көрсөткүч 9 миң 767ге жетти. Бул 1 миң 593 турак жайга көп. Мындай өсүшкө эл арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери жана жаратылыш кырсыктарынын көбөйүшү менен жарандардын камсыздандырууга болгон ишениминин жогорулашы себеп болууда. Биз социалдык тармактар аркылуу маалымат берип, ай сайын он күндөп айылдарды үймө-үй кыдырып, буклеттерди таратып, тургундардын суроолоруна жооп берип келебиз. Мындай жолугушууларда эле 15-20дай жаран дароо камсыздандырууга арыз берген учурлар болот”, — деди ал.

Уюмдун Жалал-Абад филиалынын директору Урматбек Осмонкожо уулу билдиргендей, быйыл облус боюнча селден жабыркаган камсыздандыруусу бар сегиз жаранга жалпысынан 4 млн сом төлөнгөн.
“Ар бир учур мыйзамда белгиленген тартипте жеринде текшерилип, келтирилген чыгымдар баалангандан кийин камсыздандыруу төлөмдөрү өз убагында төлөнүп берилди. Акыркы мезгилде табигый кырсыктардын көбөйүшү жарандардын камсыздандыруунун маанисин жакшыраак түшүнүшүнө шарт түзүүдө. Натыйжада турак жайын камсыздандырууга кызыккан жарандардын саны өсүүдө. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Жалал-Абад облусунда 29 миңден ашуун турак жай камсыздандырылды”, — деди ал.
Анын айтымында, филиал тарабынан эл арасында түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, үймө-үй кыдыруулар, эмгек жамааттары менен жолугушуулар уюштурулуп, камсыздандыруунун артыкчылыктары жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу кеңири жайылтылууда.
Ал эми Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ысык-Көл облусундагы филиалынын директору Нурлан Абдыкеевдин маалыматына ылайык, быйыл турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун негизинде алты камсыздандыруу окуясы катталып, жалпысынан 2 млн 253 миң 615 сом төлөнгөн.

“Анын ичинен сел боюнча Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылынын тургунуна 35 миң 816 сом төлөндү. Калган беш учур өрт кырсыгына байланыштуу болуп, аларга 2 млн 217 миң 799 сом камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү”, — деди ал.
Директордун айтымында, учурда Ысык-Көл облусунда 99 миң 495 турак жай катталган. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында алардын 8 миң 789у камсыздандырылган. Филиал тарабынан жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте үймө-үй кыдыруулар, жолугушуулар өткөрүлүп, маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу камсыздандыруунун шарттары жана артыкчылыктары тууралуу түшүндүрүү иштери улантылып жатат.
Жыйынтыктап айтканда, турак жайды камсыздандыруу боюнча көрсөткүчтөр дагы, ага себептер дагы жыл сайын өсүүдө. Уюмдун Камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу департаментинин маалыматына ылайык, 2025-жылы турак жай боюнча 358 миң 315 жаран менен камсыздандыруу келишими түзүлгөн. Ал эми ушул жылдын 1-январынан бери 199 миң 364 жаран аталган полисти алган. Бул көрсөткүчтөр жарандардын өз мүлкүн коргоо үчүн камсыздандырууну көбүрөөк колдонуп жатканын көрсөтөт.