Кырсыкка учураган үйлөр үчүн компенсация төлөө тездетилет

Жогорку Кеңеш 1241 18 Июнь 2026 15:50
WhatsApp_Image_2026_yeu0ICv.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
726411850_1322783200034899_6214832905787455887_n.jpg
724631931_1322783210034898_7077587772345764705_n.jpg
725006169_1322783176701568_8442074133507139072_n.jpg
726270383_1322783170034902_791163578055885579_n (1).jpg
726399964_1322783246701561_2754140682807026099_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген эки маанилүү мыйзам долбоору каралып, кабыл алынды.

Парламенттен билдиришкендей, анын биринчиси "Граждандык кодекске жана "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору. Депутаттар экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты.

Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиевдин айтымында, бул өзгөртүүлөр камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу, кырсыкка учураган жарандардын укуктарын коргоону күчөтүү, камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында жана кепилденген тартипте төлөөнү камсыз кылуу максаттарын көздөйт.

Мындан тышкары, жыйында "Товардык биржалар жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды. Бул мыйзам биржа соода-сатыктарынын катышуучуларынын ортосундагы мамилелерди мыйзамдык деңгээлде иретке келтирип, укуктук боштуктарды жоюуга багытталган.