Өрт менен сел бекеринен “тилсиз жоо” деп аталбаса керек. Айттырбай келген бул кырсык ири чыгымдарга алып келип, айрым учурларда адам өмүрүн алуу менен коштолууда. Өзгөчө кыш мезгилинде өрттүн келип чыгышын шарттаган жагдайлар арбын болгондуктан, жарандардан коопсуздук эрежелерин так сактоо талап кылынат. Учурда күтүлбөгөн ар кандай кырсыктарда ишенимдүү колдоо берген турак жайды камсыздандыруу коомдун маанилүү муктаждыгына айланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий маалыматына ылайык, жыл башынан бери республика боюнча 3 миң 388 өрт кырсыгы катталган. Бишкек шаарында эле 603 өрт кырсыгы орун алып, 28 адам каза болгон. Ал эми 2024-жылдын ушул мезгилине карата 2 миң 759, борбордо 552 өрт катталып, 29 адамдын өмүрүн алган. Негизинен бул кырсыктардын өсүшү эки сезонго бөлүнүп, жайкысын кургакчылыкта ачык аянттар көп өрттөнөрү белгилүү. Экинчи эң кооптуусу, кышкысын жылытуучу каражаттарды туура эмес колдонуудан келип чыккан өрт кырсыктары.

Акыркы бир айдын ичинде Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөн чыккан өрт кырсыктары жарандарды тынчсыздандырып, ошол эле учурда коопсуздук эрежелеринин сакталбай жатканынан кабар берет.
ӨКМден билдиришкендей, негизинен өрт электр жылыткычтарынан, электр каражаттарын туура эмес колдонуудан, электр зымдарынын чыңалууга туруштук бере албагандыгынан келип чыгууда.

"Өрт кырсыктары көбүнчө жаңы салынган көп кабаттуу үйлөрдүн жылытуу системасынын жоктугуна байланыштуу электр каражаттарын өз алдынча колдонуудан келип чыгууда. Кышкысын жаңы салынган үйлөргө газ же жылуулук бериле элек болгондуктан ар кандай жылытуучу электр каражаттарын колдонушууда. Үйдүн долбоорлоо убагындагы кошулган электр зымдары кубаттуулукка дал келбегендиктен, ага күч келип өрттүн чыгышына дагы бир себеп болууда. Ошондой эле азыркы үйлөр, курулуштар тез күйүүчү, күйгөндө зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруучу курулуш материалдарынан салынгандыктан өрт өчүрүүдө, жарандарды куткарууда кыйынчылыктар болууда”,- дейт ӨКМдин өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысы Аскат Муканов.

Ал ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдөгү эвакуациялык люктарды өз билемдик менен жаап салбоо керектигин жана өрт коопсуздук эрежелерди сактоо зарылдыгын эскертти.
"Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган ар бир жаран эки эсе жоопкерчилик менен электр каражаттарын туура колдонушу керек. Ошондой эле электр өткөрүүчү зымдар чыңалууга туруштук бере тургандай сапаттуу болушу зарыл. Көп кабаттуу бийик үйлөрдө 5-кабаттан жогору атайын эвакуациялык люктар бар. Ошол люктарды өз билемдик кылып жаап же үстүнө оор буюмдарды койгонго болбойт. Ар кандай кырсыктар, кырдаалдар жаралган учурда ошол люктар аркылуу жардам көрсөтүлөт. Андан тышкары, жеңил колго көтөрүүчү газ баллонду батирлерде пайдалануу кооптуу жана колдонууга тыюу салынат”, - деди Муканов.
"Кырсык каш кабактын ортосунда” демекчи, ар бирибиз өрт коопсуздук эрежелерин сактап, өзүбүзгө сак бололу. Турак жай ар бир үй-бүлө үчүн баалуу мүлк, үй куруу же сатып алуу чоң эмгекти, олуттуу каражатты талап кылат. Күтүлбөгөн тобокелдик, кырсыктардан келип чыккан чыгымдарды жабууга жардам берген ишенимдүү коргоо бул – турак жайды камсыздандыруу.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлү Иличбек Кулназаров “Кабар” маалымат агенттигине билдиргендей, 2025-жылга карата өлкөдө 1 млн 251 миң 515 турак жай каттоодон өтсө, бүгүнкү күндө алардын 354 миң 589 турак жайы, башкача айтканда 28,3 пайызы Мамлекеттик камсыздандыруу уюму аркылуу милдеттүү камсыздандырылган.
“Аймактар боюнча камсыздандыруунун абалына токтолсок, көрсөткүчтөр ар түрдүү. Жалал-Абад облусунда камсыздандыруу деңгээли 38,2%, Ош облусунда 33,3%. Бишкек шаарында бул көрсөткүч 24,6%, ал эми Чүй жана Ысык-Көл облустарында 19,8% түзсө, Нарын облусу 29,9%, Талас облусу 30,3% түзөт. Бүгүнкү күнгө карата өрттөн жана камсыздандыруунун башка ыктыярдуу түрлөрү боюнча жарандар жалпы суммасы 134 млн 829 миң 592,01 сомду түзгөн камсыздандыруу төлөмдөрүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан алышты. Бул көрсөткүч камсыздандыруу системасынын ишенимдүүлүгүн жана кырсыкка кабылган жарандарды өз убагында колдоого багытталган мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун айкын чагылдырат”,- дейт Кулназаров.

Белгилей кетсек, турак жайды камсыздандырууда жеке үй же көп кабаттуу үйдөгү батир болобу бардыгына камсыздандыруу төлөмү жылына 1 200 сомду түзөт. Камсыздандыруу уюму тарабынан маалымдалгандай, өрт же кандайдыр бир табигый кырсык болсо турак жай ээсине 1 млн сомго чейин кенемте төлөнүп берилет.
“Камсыздандырылган жаран кырсык катталган учурда мамлекеттин колдоосуна ээ болот. Камсыздандыруу төлөмү турак жайды калыбына келтирүүгө же оңдоого жумшалып, үй-бүлөнүн жашоо шартын тезирек калыбына келтирүүгө жардам берет. Айрым жарандар камсыздандырууга кайдыгер мамиле кылышат. Себеби, камсыздандыруу маданиятынын толук калыптана электигинен кырсык мага тийбейт деп ойлошот. Бирок, кырсык кимди жана качан күтүп турганын алдын ала айтуу мүмкүн эмес”,- дейт ал.

Турак жайды өрттөн жана башка табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу - бул жарандардын турак жайын күтүүсүз кырсыктардан келип чыгуучу материалдык чыгымдардан коргоого багытталган дүйнөлүк практикадан алынган мамлекеттик механизм. Кыргызстан табигый кырсыктар көп катталган аймакта жайгашкандыктан, мындай камсыздандыруу жарандардын социалдык жана каржылык коопсуздугун камсыз кылууда чоң мааниге ээ. Өзгөчө үй – ар бир үй-бүлөнүн баш калкалай турган турак жай, башкы байлыгы болгондуктан, аны коргоо, камсыздандыруу ар бирибиздин жоопкерчилигибиз жана коопсуз келечекке ишенимдүү кадамыбыз.