Кырсык болду, коркпоңуз: ОСАГО жана КАСКО тууралуу айдоочулар эмне дейт?

Коом Загрузка... 12 Март 2026 14:45
WhatsApp Image 2026-03-12 at 11.02.47.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек шаарынын тургуну Нурлан Атайбеков Махатма Ганди-Можайск көчөлөрүнүн кесилишинен жол кырсыгына кабылган. Атап айтканда, анын Samsung үлгүсүндөгү жеңил унаасын HOVO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүп алган.

“Кырсык катталган жерге жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери келип, унааны айып короосуна алып кетишкен. Андан соң, камсыздандыруу уюму тарабынан тиешелүү текшерүү жана баа берүү иштери жүргүзүлдү. Минтип бир айга жетпей уюм мага 150 миң сомдук чыгымды төлөп берип жатат. Айдоочуларга айтарым, бир аз акчадан коркпой ОСАГО полисин алыңыздар. Кырсык болбосун. Кокус кырсык болуп калса, бул мамлекет тарабынан абдан жакшы жардам болот экен”,-деген кеңешин айтты ал.

Ошондой эле Бишкек шаарынын дагы бир тургуну Марлен Нурбеков жеңил унаасы менен жол кырсыгына кабылып, анын транспорт каражатына келтирилген зыян 327 миң сом деп бааланган.

Анын айтымында, ОСАГО полисинин алкагында келтирилген зыяндын 150 миң сомун камсыздандыруу уюму төлөп берүүдө. Бул сумма мыйзамда белгиленген милдеттүү камсыздандыруунун алкагындагы эң жогорку төлөмдөрдүн бири болуп саналат.

"Менин унаама келтирилген зыяндын бир бөлүгүн камсыздандыруу компаниясы өз мойнуна алганы мен үчүн чоң жардам болду. Мындан бир ай мурун жол кырсыгына кабылгам. Баалоо-текшерүү иштеринен кийин уюмдан тиешелүү каражатты алып жатам. Ал эми келтирилген зыяндын толук жабылбай калышынын себеби — күнөөлүү тараптын ОСАГО келишими боюнча максималдуу төлөмү 150 миң сомго чейин деп белгиленгенинде. Ошондуктан мага ушундай суммадагы каражат тапшырылып жатат. Калган чыгымды күнөөлү тарап төлөп бергени жатат”, — деди ал.

Бишкек шаарынын дагы бир тургуну Адилет Төрөбеков февраль айынын аягында унаасы менен бара жатып, капысынан чыга калган итти сүзүп алган. Ал буга чейин КАСКО полисин алып, унаасын ыктыярдуу түрдө камсыздандырган.

“Жолдо бара жатып капысынан итти сүзүп алдым. Дароо жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жана авариялык комиссарлар келишти. Көпчүлүк зыян унаанын бамперине келтирилген. Баалоо жана экспертиза иштери жүргүзүлгөндөн кийин зыяндын көлөмү 80 миң сом деп бааланды. Көп күттүрбөй 12 күндүн ичинде төлөм сертификатын алып жатам”, — деди Төрөбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалы 31 айдоочуга ОСАГО жана КАСКО полистери боюнча 2 млн 906 миң сомдук каражаттарды төлөп берди.

ОСАГО - бул автотранспорт каражат ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу болсо, КАСКО - унаанын өзүн камсыздандыруу полиси болуп саналат. ОСАГО жарандар үчүн милдеттүү, ал эми экинчиси ыктыярдуу.