Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону, япониялык балбан Ёсиносукэ Аояги Бишкекке келди. Бул тууралуу Topsport.kg билдирди.
Маалыматка ылайык, дүйнөгө атагы чыккан спортчу кыргызстандык балбандар менен тажрыйба алмашып, өз ыкмалары менен тааныштырат.
Ошондой эле сапардын алкагында жергиликтүү балбандар менен жолугушат.