Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Кыргызстанга Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Рамил Хасан келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө ал Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугуп, үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда өтө турган ТүркПА кеңешинин кезектеги жыйынына даярдыкты талкуулашат.