Кыргызстанга Тажикстан президентинин келиши эки тараптуу алаканын өнүгүшүнө алып келет – Койчуманова

Саясат Загрузка... 11 Март 2025 17:50
WhatsApp Image 2025-03-11 at 14.42.55.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Кыргызстанга Тажикстандын президентинин келиши эки тараптуу алаканын бир катар тармактарда өнүгүшүнө алып келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине тарых илимдеринин доктору, профессор Чолпон Койчуманова билдирди.

Чолпон Койчуманованын пикиринде, мамлекеттин тышкы жана ички саясаты географиялык жайгашуусунан көз каранды болот. Эң маанилүү стратегиялык өнөктөш катары биринчиден, коңшу өлкөлөр саналгандыктан, коопсуздук, өнүгүүлөр эң алгач ушул мамлекеттер менен тыгыз байланышта экени талашсыз. Анткени коңшу мамлекеттер өлкөнүн ички саясатына гана эмес, тышкы саясатына да таасирин тийгизет.

“Орто Азия өлкөлөрү, демек, кошуналарыбыз Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан менен биз өлкө келечеги жана мамлекеттин коопсуздугу үчүн тыгыз байланышыбыз болуш керек. Эгемендүүлүктү кабыл алгандан кийин чечилбей келген маселелер терс таасирин тийгизип, эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге доо кетирген учурлар кездешип жатты. Акыр аягы бул маселелер чечилиш керек болчу. Анткени чечилбеген маселелер бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү көтөрүлмөк. Бир географиялык аймакта жайгашкан үчүн коңшу мамлекеттер менен биз илим, билим, экономика, саясий жагынан кызматташуудан эч жакка кача албайбыз. Ошондой эле бүгүнкү күндөгү глобалдык процесстер жүрүп жаткан маалда баарыбыз чогуу биригип, регионалдык кызыкчылыкты көздөшүбүз зарыл. Орто Азиядагы мамлекеттер бир саясий позицияда болгондо гана, глобалдык процесстерге туруштук бере алабыз. Ал эми өз-өзүнчө болгондо туруштук берүү өтө кыйын болуп калат. Ошондуктан мамлекеттерде бир гана жол бар, бул өлкөлөрдүн ынтымакта, биримдикте болушу”, - деп эсептейт тарыхчы.

Ошондой эле ал эртең Бишкекке Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мамлекеттик сапар менен келе тургандыгы кыргыз-тажик кызматташтыгындагы кандай гана тармакта суроолор болбосун, аларды чечүүгө жол ачылат деген ойдо.

“Негизинен карым-катыштын кайра жанданышы, эки өлкө жетекчилеринин бири-бирине сапарлар менен барышы экономикалык, билим, илим, маданий тармактарда алакаларды өнүктүрүүгө алып келет. Кыргыз-тажик мамилесиндеги ар кандай тармактагы маселелер болбосун чечүүгө жол ачылат. Ар бир президенттин башка өлкөгө барганы-келгени сөзсүз түрдө ар кандай маселелерди чечишип, андан ары кандай өнүгүүлөргө карай багыт алыш керек, ошол боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт деген ишенимдемин”, - деди Чолпон Койчуманова.