Бишкек, 07.01.25 /Кабар/. “Президент” даректүү тасмасында Садыр Жапаров Кыргызстанга кызыккан чет өлкөлүк инвесторлор көбөйгөнүн жана алар бардык тармактарда иштеп жаткандыгын белгиледи.
“Буга жараша инвесторлор үчүн бардык шарттар түзүлүп жатат”,-деди ал.
Белгилей кетсек, даректүү тасманы журналист Айбек Бийбосунов тартып, анда президент Садыр Жапаров соңку 4-5 жылдагы негизги саясий окуяларга кенен токтолуп, буга чейин коомчулукка чыга элек маалыматтар менен бөлүшкөн.