Кыргызстанга $1 млрд жеке инвестиция келген – Кубатов

Экономика Загрузка... 22 Январь 2026 13:25
Investitsii.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Кыргызстанга 1 млрд доллар өлчөмүндө жеке инвестиция келген. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов “Кабар подкастта” билдирди.

Анын пикиринде, бул көрсөткүч инвесторлордун Кыргызстанда жеке долбоорлорун ишке ашыра турган кызыкдарлыгын, өлкөгө ишеними артканын айгинелейт.

WhatsApp Image 2026-01-22 at 06.00.00
“1 миллиард доллардан ашкан инвестициянын Кыргызстанга келгени тарыхта болгон эмес. 2019-2020-жылдары 280-300 млн сомдой каражат келгени айтылат. Инвесторлор өлкөгө келээрде баалоолорду жүргүзүп, салык системасы жана башка көрсөткүчтөрдү карап чыгат. Анткени алар 1-2 жылга эмес, 10-15 жылга келип, иш жүргүзүүнү пландайт. Эң негизгиси аларга өлкөдө стабилдүүлүктүн болушу маанилүү. Инвестор стабилдүүлүктү, өсүп-өнүгүүнү көрсө келишет. Ошондой эле инвестициялардын агымынын көбөйүшүнө Борбор Азия чөлкөмүндө ынтымак болбосо жетише алмак эмеспиз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Экономика жана коммерция министрлиги 2023-жылга чейин дээрлик 1 млрд долларлык инвестиция менен 60 өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, 7700 жаңы жумуш орундары түзүлгөнун кабарлаган.