Кыргызстанда жеңил өнөр жай активдүү өнүгүп, өлкөнүн экономикасында негизги орундардын бирин ээлейт. Тармакка текстиль, тигүү жана булгаары буюмдарын өндүрүү кирет. Бул туруктуу өсүштү жана жогорку экспорттук потенциалды көрсөтүүдө.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагында 20 млрд 466 млн сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 115,3 пайызды түзгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Экономика жана коммерция министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын башкы адиси Талантбек Карасартов билдирди.

“Белгилүү болгондой, жеңил өнөр жай үч негизги тармакты камтыйт - текстиль, тигүү өндүрүшү жана булгаарыдан жасалган буюмдар. 2024-жылы текстиль продукциясы 2,4 млрд сомду, кийим-кече 17,4 млрд сомду, булгаарыдан жасалган буюмдар 647 млн сомду түздү”, - деди ал.
Карасартовдун айтымында, 2025-жылдын төрт айында бул тармакта 6 млрд 220 млн сомдук продукция өндүрүлгөн. Жеңил өнөр жайы Кыргызстандын экспортунун структурасында алдыңкы орундардын бирин ээлеп келет.
“2024-жылдын аягына карата жеңил өнөр жай продукциясынын экспорту болжол менен 520 млн долларды түздү. 2023-жылга салыштырмалуу экспорт 2,1 эсеге өскөн. Анын ичинде тигүү буюмдарын экспорттоо 112 млн долларды түздү. Ошол эле учурда жеңил өнөр жай продукциясынын импорту 30 пайызга кыскарды”, - деди ал.
Белгилей кетсек, өндүрүштүн негизги көлөмү (80%дан ашыгы) Россияга, 5,6%га жакыны Казакстанга экспорттолот. 2025-жылдагы тышкы соода динамикасы да тигүү экспортунун 103 пайызга өскөнүн көрсөтөт.

Карасартов ошондой эле жергиликтүү өндүрүштүк кубаттуулуктар активдүү өнүгүп жатканын баса белгиледи.
“2024-жылы президенттин тапшырмасы менен 102 өнөр жай ишканасы ишке киргизилген. Анын арасында Кара-Балтадагы ири текстиль ишканасы, Ош шаарындагы “Евразия групп” фабрикасы, ошондой эле Талас, Чүй облустарындагы ишканалар бар”, - деди ал.
2025-жылы министрлер кабинети 128 жаңы өнөр жай ишканасын ишке берүүнү пландаган.
Кийинчерээк алардын катарына дагы алтоо кошулуп, учурда 134 объект боюнча иштер жүрүп жатат. Инвестициянын жалпы көлөмү 1,7 млрд долларды түзүп, пландалган жумуш орундарынын саны 14 миңден ашат.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча текстиль, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана башка булгаары буюмдарын өндүрүүнүн көлөмү 20,5 млрд сомго жеткен. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 15 пайызга көп. Эң чоң үлүш – 85% тигүү өндүрүшүнө, 12%ы текстиль өндүрүшүнө туура келет.
“2024-жылы жеңил өнөр жай тармагында 130 миңге жакын адам иштесе, алардын көбү тигүү өндүрүшүндө иштешет. Бул жеңил өнөр жай жогорку экономикалык көрсөткүчтөрдү гана камсыз кылбастан, миңдеген кыргызстандыктар үчүн жумуш орундарын түзүп, маанилүү социалдык ролду ойноорун көрсөтүп турат”, - деди Карасартов.
Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында өткөн Textile & Logistics – 2025 эл аралык жарманкесинде Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлүнүн орун басары Дмитрий Ифко Кыргызстандын тигүү тармагы активдүү трансформация стадиясында экенин, логистикалык чынжырларда олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканын, жаңы базарлар пайда болуп, EAЭБдин алкагында кызматташуунун заманбап форматтары киргизилип жатканын белгилеген.

Ошондой эле 2024-жылы Кыргызстандагы "Базико Премиум" ири тигүү фабрикасы толук автоматташтырууга өтүүнү аяктады. Фабрикада Борбор Азияда теңдеши жок уникалдуу жабдуулар колдонулат.
Белгилей кетсек, өткөн жылы республиканын текстиль жана тигүү тармагында 200гө жакын ишкана жана 3 миңге жакын жеке ишкерлер иштеп, аларда 128 миңден ашык адам иштеген.
Алсак, 2024-жылы өнөр жай ишканалары 18 миллиондон ашык аялдардын тыш кийимдерин, 5 млн даана эркектердин кийимдерин, 331 миң свитер жана жемперлерди, 12 млн жуп байпак, 4 млн жуп бут кийимдерди чыгарышкан.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын тигүү өнөр жай ишканаларынан түшкөн салык 106,5 млн сомду түздү.

Тармак акыркы төрт жылда салык төлөмдөрүнүн туруктуу оң динамикасын көрсөттү.
Тигүү тармагынан салыктык түшүүлөрдүн динамикасы:
- 2020 - 58,5 млн сом;
- 2021- 81,2 млн сом;
- 2022 - 120 млн сом;
- 2023 - 169 млн сом;
- 2024 - 255,2 млн сом (2023-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге өскөн).