Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатына катышат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Түштүк Кореянын Гуми шаарында 24-майдан 1-июнга чейин өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- Нурсултан Кеңешбеков;
- Айнуска Калил кызы;
- Илья Тяпкин;
- Тимур Исаков;
- Александр Салахудинов;
- Жусуп Сулайман уулу;
- Руслан Литовский;
- Самат Казакбаев;
Курама команда башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаев жана улук машыктыруучу Айып Исаковдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.