Кыргызстандын тыйын эңмей боюнча курамасы Азия чемпионатына катышат — Кабар

Кыргызстандын тыйын эңмей боюнча курамасы Азия чемпионатына катышат

Спорт 4 апрель 2025 11:21
Кыргызстандын тыйын эңмей боюнча курамасы Азия чемпионатына катышат
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын тыйын эңмей боюнча курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатына катышат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш 4-6-апрель күндөрү Казакстандын Шымкент шаарында өтөт.

Курама команданын тизмеси:
1. Азим Эсенбек уулу;
2. Улукбек Канасбеков;
3. Улан Ибраимов.

Улуттук курам башкы машыктыруучу Максат Батырбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.