Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Коом 30 апрель 2025 12:55
Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Бишкек, 30.04.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү тараттты.

Ага ылайык, 1-2-майда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда жана 3-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгэли көтөрүлүшү күтүлөт.