Тарыхта биринчи жолу: Баткен менен Ысык-Көлдү эми авиакаттам байланыштырат

Бизнес Загрузка... 29 Июнь 2026 10:35
460914550_8271426089609493_5692617250356678248_n-1.jpg
copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Asman Airlines авиакомпаниясы Кыргызстандын ички аба каттамдарынын тарыхында жаңы баракты ачууда. 2026-жылдын 16-июлунан 3-сентябрына чейин авиакомпания Баткен — Тамчы — Баткен багыты боюнча сезондук каттамдарды ишке киргизет. Бул каттам Баткен облусу менен Ысык-Көлдүн жээгин эч кандай транзитсиз жана узак жол жүрбөстөн байланыштырат.

Эми өлкөнүн түштүк аймагындагы тургундар болжол менен бир сааттын ичинде Ысык-Көлдүн жээгине жетип, эс ала алышат. Жаңы каттам Кыргызстандын эң популярдуу туристтик багыттарынын бирине жетүүнү мурдагыдан да жакын, жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылат.

Каттамдар ар бейшемби күнү күндүн биринчи жарымында аткарылат. Бул жүргүнчүлөргө эс алуу убактысын мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.

Сезондук каттамдардын баасы 6 500 сомдон башталат.. Бул баадагы билетти Asman Airlines авиакомпаниясынын расмий www.asmanairlines.kg сайты аркылуу же Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу эч кандай комиссиясыз жана кошумча төлөмдөрсүз сатып алууга болот.

Мындан тышкары, авиакомпания кышкы туристтик сезонго Баткен — Каракол багыты боюнча сезондук каттамдарды ишке киргизүүнү пландап жатат.

Кошумча маалымат авиакомпаниянын расмий маалыматтык ресурстарында жеткиликтүү.