Чакан ГЭСтердин негизги артыкчылыгы экологиялык, экономикалык, аймактык туруктуулукту камсыз кылып, аз убакытта аз каражатка салынат. Бирок, чакан болгону менен электр энергиясына болгон керектөөнү жабууга байкалаарлык салым кошот. Мисалы, агып жаткан суудан ГЭС курган адам ишкерлик жасаса, экинчиден мамлекет электр энергиясы менен камсыз болот.
Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу пайдалуу. Мындай пикирин энергетика тармагынын ардагери Чоробай Акунов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагында чакан ГЭС куруга биринчиден – рельеф мүмкүнчүлүк берет, экинчиден электр энергиясын иштеп чыгууга ыңгайлуу суулар көп.
“Республиканын бардык облустарында чакан ГЭСтердин курулушу жүрүп жатат, бул тармакка кызыккан ишкерлердин санынын көбөйүшү жакшы көрүнүш. Аз көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыккан гидроэлектростанцияларды куруу экологиялык жактан таза. Чакан ГЭС куруу ниети бар ишкерлер, инвесторлор жер алып, каражаты болсо чакан ГЭС куруп иштетсе болот. Энергетикалык кубаттуулукту көбөйтүү маселеси курч тургандыктан, шамал, күн, гидроэлектр станциялары сыяктуу кайра жаралуу булактардан энергия алуу, чакан ГЭС куруу иштерин өнүктүрүү зарыл. Мамлекет бул багытты өнүктүрүүгө учурда бардык шарттарды түзүүдө", - дейт Акунов.

Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы жогору, анткени учурда өлкө бул потенциалынын 10 пайызын эле колдоноорун президент Садыр Жапаров өз сөзүндө белгилеген. Ири ГЭСтер менен катар чакан ГЭСтер өлкөдөгү электр энергиясына болгон керектөөнү жабууга чоң салым кошот. Чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлордун, жеке ишкерлердин күчү менен курулуп жаткан төмөнкү 18 чакан ГЭС быйыл пайдаланууга берилет:
- Лейлек ГЭСи - 6 МВт, Баткен облусу, Лейлек району;
- Кожо-Кайыр ГЭСи - 0,6 МВт Баткен облусу, Кадамжай району;
- Койсу ГЭСи - 8.7 МВт Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району;
- Санарип ГЭСи - 2 МВт Чүй облусу, Москва району;
- Алай Гидро ГЭСи - 4.4 МВт Ош облусу, Алай району;
- Боз-Учук ГЭСи - 5.54 МВт Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району;
- Авлетим ГЭСи - 2.6 МВт Жалал-Абад облусу, Аксы району;
- Адын-Ункур ГЭСи - 0.85 МВт Ош облусу, Кара-Суу району;
- Кара-Жыгач ГЭСи - 1 МВт Жалал-Абад облусу, Токтогул району;
- Аксый ГЭСи - 4.75 МВт Жалал-Абад облусу, Аксы району;
- Ысык-Ата-2 ГЭСи - 4 МВт Чүй облусу, Ысык-Ата району;
- Шамшы ГЭСи - 1.7 МВт Чүй облусу, Чүй району;
- Кондук ГЭСи - 5.3 МВт Ош облусу, Кара-Кулжа району;
- Кен-Тор-1 ГЭС - 1.3 МВт Чүй облусу, Ысык-Ата району;
- Карагай-Булак - 1 ГЭС - 2 МВт Чүй облусу, Ысык-Ата району;
- Карагай-Булак - 2 ГЭС - 2 МВт Чүй облусу, Ысык-Ата району;
- Сокулук ГЭС - 3 - 9.5 МВт Чүй облусу, Сокулук району;
- Туюк ГЭСи - 5.9 МВт Чүй облусу, Сокулук району.
Акыркы жылдары өлкөдө электр энергиясын колдонуучулардын саны да өсүүдө. 2025-жылдын 6 айында өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу 14 миң 283 абонент жалпы керектөөчүлөр кошулгандыгын “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу билдирген.

Анын айтымында, мында 12 миң абоненти калк категориясы боюнча керектөөчүлөр, ал эми 2 миң 268 бул калк эмес категориясындагы керектөөлөр.
“Бүгүнкү күндө “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ишканасы өлкө боюнча жалпысынан 1 млн 60 миң абонентти тейлейт. Бардык өндүрүлгөн электр энергиясын электр станцияларынан, чакан жана орто ГЭСтерден ошондой эле күн электр станцияларынан ишкана учурда сатып алат. Андан тышкары, өлкөдө жетпей калган электр энергиясы коңшу мамлекеттерден импорттолуп келет”,- дейт Уларбек Дүйшө уулу.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 6 айында эле 2024-жылдын 6 айына салыштырмалуу биздин республика боюнча жалпы электр энергиясын керектөөбүз 664 млн кВт саатка өскөн.
Мисалы, кайсы жерде кандай жаңы ишкана же жөнөкөй эле үй курулса да ар бир жерге кошумча электр энергиясы керектелет. Акыркы жылдардагы экономикалык өсүшкө байланыштуу электр энергиясы - экономиканын локомотиви бойдон калууда.
Энергетика министри Таалайбек Ибраедин маалыматы боюнча учурда жалпы республика боюнча 40 чакан ГЭС иштеп жатса, 37 чакан ГЭСтин курулушу жүрүүдө. Быйыл дагы 18 чакан ГЭС ишке кирсе, 2026-жылы 147 МВт, 2027-жылы 191 МВт, 2028-жылдан 2030-жылга чейин дагы 44 МВт кубаттулуктагы чакан ГЭСтердин ишке кирүүсү пландалууда.

Соңку 4 жылдан бери чакан ГЭСтердин курулушу арбыды. Кыргызстанда ГЭС курууга болот деп изилденген 196 жер бар. Мындай кеңири мүмкүнчүлүктү туура пайдалануу үчүн өлкө башчысы инвесторлорду тартууну, аларга шарт түзүүнү тапшырган.
Себеби, президенттин айтымында биз электр энергиясын иштеп чыгуудагы мүмкүнчүлүгүбүздү 10 пайызын гана колдонуп келебиз. Чакан ГЭСтер менен катар ири ГЭСтерде реконструкция жүрүп, агрегаттар алмаштырылып жатат. Курулуп жаткан ири жана чакан ГЭСтер ишке кирсе Кыргызстан ички керектөөнү камсыздоодон тышкары, электр энергиясын сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүк алат.