Кыргызстандын кыз-келиндер күрөш курамасы Венгриядагы рейтингдик мелдешке катышат

Спорт 13 июль 2026 12:08
Кыргызстандын кыз-келиндер күрөш курамасы Венгриядагы рейтингдик мелдешке катышат

Бишкеке, 13.07.26. /Кабар/. 15–19-июль күндөрү Венгриянын борбору Будапешт шаарында күрөш боюнча Polyak Imre & Varga Janos Memorial эл аралык рейтингдик турнири өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы катышат.

Курам төмөнкүдөй:

  • Арууке Кадырбек кызы (53 кг чейин);
  • Гүлнур Таштанбекова (65 кг чейин);
  • Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин);
  • Кайыркүл Шаршебаева (72 кг чейин);
  • Айпери Медет кызы (76 кг чейин).

Курама команданы улук машыктыруучу Нурдин Донбаев жана башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жетектейт.