29-майда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнө 33 жыл болот. Тарыхый ченем боюнча бул кыска мезгилдин ичинде жаңы армия түзүлүп, реформаланып, кайра куралданды. Акыркы жылдары мамлекет коопсуздукту сактоого жана заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга адекваттуу жооп кайтарууга жөндөмдүү бөлүктөрдү чыңдоого олуттуу ресурстарды багыттап жатат.
Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн утурлай Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын мурдагы командачысы Абдыгул Чотбаев “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, Кыргызстандын заманбап армиясын түзүүнүн негизги этаптарын эске салды.
- Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнө жана өнүгүү жолуна токтолуп кетсеңиз, ал мезгил армия үчүн кандай болду? Ошондогу экономикалык кризис армияга кандай таасирин тийгизген?
- Ошол учурда биз, бардык Советтер Союзунун республикалары сыяктуу эле, кыйын күндөрдү башыбыздан кечирдик. Аскердик кызматкерлер гана эмес, карапайым эл да шок болду. Бардыгыбыз “Эртең эмне болуп кетет экен?” деген суроо менен отуруп калдык. Офицердик курам көп улуттуу болгондуктан, ар кимиси өз республикаларын кетүүну көздөп калышкан. Бул жерде жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн офицерлери белгисиздиктен куралдуу күчтөрдөн кетүүнү чечишкен. Ошондой кырдаалда армиянын абалы кандай болмок эле?
Кыргыз Республикасынын карамагына өткөн аскер бөлүктөрүндө жалпы постсоветтик мейкиндикте экономикалык кризиске байланыштуу, айлап маяна төлөнбөй калган. Албетте, бул абал аскерлерде гана болгон эмес, заводдор менен фабрикалар иштебей, баарына кыйын болду.
Ал кезде бизде советтик армиядан мурас катары калган жакшы материалдык-техникалык база бар эле. Бирок муну да талап-тоногондор болгон.
- 90- кыйын жылдары жаңы доорго өтүү болду, принциптер жана приоритеттер өзгөрдү, бизнес жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Армияга айлап айлык төлөнбөсө, кызматта калган солдаттар менен офицерлер кантип күн кечиришкен?
- Кыргызстандын куралдуу күчтөрү оор мезгилде түзүлгөнүн баса белгилеп кетким келет. Бирок командирлер жана офицерлер колдо болгон финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөргө таянып, армияга жүктөлгөн милдеттерди аткарыш үчүн колдон келгенинин баарын жасады.
Кадрлар жетишпей, бир топ убакыт ок-дарылар, снаряддар жок калган. Жада калса айрым аскер курамдарын полигонго ташууга күйүүчү май жок болчу. Бирок ошол өтө оор шарттарга кабылсак дагы, биз армияны сактап кала алдык. Бүгүн мен биздин ардагерлерге, ардактуу эс алууга чыккандарга, ошол оор мезгилде бекем тургандыктары үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бүгүн биз Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 33 жылдыгын урмат менен татыктуу белгилеп жатабыз.

-1999 жана 2000-жылдары биздин өлкө Афганистандан Тажикстандын аймагы аркылуу тоо жолу менен өткөн согушчандардын террордук чабуулуна дуушар болгон. Балким, ошондо мурунку саясий жетекчилик катачылыктарын түшүнгөн чыгар. Баткен окуясынан кийин армияда кандай өзгөрүүлөр болду?
- Баткен окуясы бизге чоң сабак болду. 1999-2000-жылдардагы окуянын жыйынтыгы талданып, саясий жетекчилик туура жыйынтык чыгарып, Куралдуу күчтөргө көбүрөөк көңүл бурулуп, структуралык өзгөрүүлөр болду.
Атайын окуу борборлору пайда болуп, алар аскерлерди жана офицерлерди тоолуу аймактарда согуштук аракеттерди жүргүзүү ыкмаларын үйрөтө башташты. Атайын бөлүктөр түзүлө башталды. Улуттук гвардияны айта турган болсок, анын астында чалгындоочу жана издөөчү рота пайда болгон. Андан кийин саясий жетекчилик аскер кызматкерлеринин айлык акысын көбөйттү. Офицерлерге болгон мамиле да башкача болуп калды.
- Жакында Бишкекте өткөн Жеңиш парадында Кыргызстандын жаңыланган курал-жарактын жана техниканын заманбап түрлөрү менен жабдылган армиясын көрдүк. 5-6 жыл мурункуга салыштырмалуу бир топ таасирдүү болду окшойт. Куралдуу күчтөрдүн учурдагы абалын жана даярдыгын, бөлүктөрдү материалдык ресурстар менен камсыз кылууну жана өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын кандай баалайсыз?
- Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадда техниканын жаңы түрлөрүнө күбө болдук. Армия албетте өзгөрүп жатат. Акыркы 2-3 жылда куралдуу күчтөр үчүн заманбап техникалар, ок-дарылар алынды. Аскер бөлүктөрү керектүү каражаттар менен жогорку деңгээлде камсыз болду. Аскер кызматкерлеринин айлык акысы жогорулап жатат.
Учурда мамлекеттин аскер кызматкерлеринин жашоо шартын жакшыртууга чоң мүмкүнчүлүгу бар. Офицерлердин эмгек акысынын деңгээли кыйла жогорулады, аскер кызматчылары бара-бара квартиралар менен камсыз болуп жатат. Армияга карата мамиле ушундай болуш керек.
Аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөндүгүн жогорулатуу максатында командалык курам биздин ЖККУ боюнча өнөктөш мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн академияларында квалификациясын жогорулатууда. Биздин өлкөдөн көптөгөн жаштар Кыргызстандын да аскердик жогорку окуу жайларына тапшырып, союздаш мамлекеттерге квота менен жөнөтүлүүдө. Жаштар армияга барууга ынтызар болуп, аскер илимин үйрөнүүгө кызыкдар. Мунун баары бизге азыр улуттук коопсуздукту жана эгемендүүлүктү бекемдөө үчүн керек.