Кыргызстандын кооз жаратылышы чет элдик эс алуучуларды гана эмес, ички туристтерди дагы өзүнө тартууда

Туризм Загрузка... 22 Май 2025 16:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда 2030-жылга чейин туризмди туруктуу өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Ага ылайык, бир катар багыттар аныкталып, четинен ишке ашырылып жатат. Чет элдик жана ички туристтердин санын арттыруу максатында туристтик жайлар реконструкциядан өткөрүлүүдө. Кыргызстанда тоо туризми, экотуризм, спорттук туризм жана медициналык туризмди өнүктүрүүгө көңүл бурулууда.

Ар бир облус туризмди өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу, эс алуу жайларын куруу, ишкерлерге шарт түзүүнү колго алууда. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, 3-июнда Ош улуттук драма театрында жайкы туризм сезону салтанаттуу түрдө ачылат. “Салам Ош – 2025” аттуу || эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеге 10дон ашуун өлкөдөн коноктор келишет. Ал эми 4-июнда Ноокат районундагы Кара-Кой жайлоосунда масштабдуу этно туризм көргөзмөсү өтөт. Иш-чара Оштун табигый жана тарыхый кереметтерин дүйнөгө таанытуу, туризмди өнүктүрүү максатын көздөйт.

WhatsApp Image 2025-05-22 at 12.35.59.jpeg

“Туризм тармагы келечектүү тармак болгондуктан, жылдан жылга мейманканалар, эс алуу жайлары, ресторан, туристтерди тейлеген мекемелердин саны өсүп жатат. Ишкердик субъекттердин саны 1324кө жетти. Ага жараша чет жактан келген туристтердин агымы да көбөйүүдө. Ош облусуна туроператорлор аркылуу, ошол эле маалда Өзбекстан, Тажикстан, Кытай жана башка мамлекеттерден өз алдынча эле эс алууга келгендер бар.

Ош облусунда 2024-2028-жылдарга Туризмди өнүктүрүү программасы бекитилген. Анын алкагында туристтик жайлардын инфраструктурасын жакшыртып жатабыз. Мисал келтирсем, Алай районундагы Сары-Ой жайлоосуна 11 чакырымдык электр линиясы тартылды. Ал жакта Раян, Ак-Кайың өңдүү эс алуу борборлору туристтерди кабыл алат. Тарыхый шаарыбыз Өзгөндүн айланасына болсо, сейил бак курулуп жатат. “Айчүрөк” кинотеатры ачылды. Ошондой эле Rest Point`терди куруу үчүн Алай, Талдык, Сары-Таш, Ноокатка бараткан жолдордо жана башка локацияларда жерлерди ижарага берүүгө долбоорлорду карап жатабыз. Ушул жылдын экинчи жарымында курулуш иштери башталганы турат.

Мындан тышкары, облустардагы коруктарга санариптик өткөрүү пунктарын ишке киргизип, туристтердин кирип-чыккан санын так билүүгө, кирүү акыларын накталай эмес төлөөгө шарт түзүүгө, унаа токтоочу жайларды курууга иш-аракеттерди кылып жатабыз. Дүйнөлүк банк, АРИС менен биргеликте туризм тармагына 30 млн доллар бөлгөн. Учурда туризм тармагында иштеп жаткан ишкерлерди колдоо максатында гранттар, насыялар берилүүдө. Ар бир райондо жок дегенде бирден эс алуу жайы ачылышы керек деген талаптар бар. Анын баары чет элдик туристтерди гана эмес, ички туристтерди тартууга өбөлгө болот деп эсептейбиз”, - деп белгиледи Илияз Ташбаев.

Ал эми Чүй облусу тууралуу айтсак, облустун бренди кабыл алынып, чоң жана кичи Чүй жолу иштелип чыгып, туристтер үчүн эле эмес, жашоочулар үчүн дагы ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Алдыда “Кымыз Фест”, “Кеменгер” жана башка фестивалдар өткөнү турат.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, Япониянын JIСA уюму менен биргеликте тарыхый-маданий туризмди өнүктүрүү үчүн “Чүй облусунда Бүткүл дүйнөлүк мурас объектилерин пайдалануу аркылуу туризмди региондук өнүктүрүүнүн башкы планынын долбоору” ишке ашырылууда. Бул долбоор Суяб, Невакет, Бурана объектилерин камтып, анын ичинде кулпунай чогултуу, топурактан идиштерди боёо, чет өлкөлүк туристтерге конок үйлөрдү көргөзүү, облустун туристтик сайтын жасоо долбоорлору тандоодон өтүп, иштер жүрүүдө.

Чүй облусунда 2023-2026-жылдарга карата туризмди өнүктүрүүнүн стратегиясы иштелип чыккандан бери туризм тармагындагы бир катар объектилерге 927 млн сомдук инвестиция тартылды:

- Военно-Антоновка айыл аймагында “Бай Көл” эс алуу жайы;

- Сары-Өзөн айыл аймагында “Шаабай resort” эс алуу жайы;

- Сын-Таш айыл аймагында “Бексултан” капчыгайында эс алуу жайы;

- Нурманбет айыл аймагында “Ак Сарай” эс алуу жайы;

- С.Ибраимов айыл аймагында “Түндүк resort” эс алуу жайы (ачылган);

- Шамшы айылында муз тебүү базасы;

- Карал-Дөбө айылында “Алакуш” этнокомлекси (ачылган);

- Кегети капчыгайында “Danial Rich” жана “Бактияр” конок үйлөрү (ачылган).

Бүгүнкү күндө Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду туризм чөйрөсүн өнүктүрүү, инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу менен алек. “Кыргызстандагы Rest Point эс алуу пункттары” долбоору өлкөгө келген туристтер үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган. Учурда туристтер тыныгып, эс ала турган пунктарды кофейня, жуунучу жай, даараткана, заряддоочу станция, дүкөн жана маалымат экрандары менен камтылган Rest point`тер ар бир облуста иштеп жатат.

WhatsApp Image 2025-05-22 at 13.47.00.jpeg

Жайкы туризмдей эле кышкы туризмди да өнүктүрүүгө басым жасалууда. Мамлекет тарабынан кышкы туризмди өнүктүрүү максатында аймактарда ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ысык-Көл облусундагы “Ала-Тоо резорт”, Чүй облусундагы “Baytik Mountain Resort”, Жалал-Абад облусундагы “Chatkal Resort” сыяктуу тоо-лыжа курортторунун долбоорлорун ишке ашырууга кадамдар ташталды.

Туризм департаментинин маалыматы боюнча, 2023–2024-жылдары Кыргызстан эл аралык туристтик аренада өзүнүн позициясын жигердүү бекемдеди. 2025-жылдын апрель айында Кыргызстан Екатеринбургда өткөн “Жай-2025” туристтик көргөзмөсүндө өнөктөш өлкө катары катышты. 2024-жылдын мартында Москвада өткөн эл аралык MITT көргөзмөсүндө өлкөнүн улуттук павильону көрсөтүлгөн. Көргөзмө Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан уюштурулуп, Кыргызстандын туристтик потенциалын эл аралык аудиторияга натыйжалуу көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

WhatsApp Image 2025-05-22 at 13.33.01.jpeg

Өлкөнүн туристтик имиджин мындан ары илгерилетүүнүн алкагында 2025-жылга иш-чаралар пландалууда. Ал этномаданий фестивалдарды, спорттук турнирлерди, тематикалык коференцияларды жана жарнамалык-маалыматтык кампанияларды камтыйт.

2025-2030-жылдарга туризмди туруктуу өнүктүрүү программасында Кыргызстандын туристтик жагымдуулугун жогорулатууга багытталган стратегиялык чаралардын комплекси каралган. Негизги багыттарга эл аралык рыноктордо масштабдуу маркетинг кампанияларын ишке ашыруу, электрондук визаларды алууда визалык процедураларды жөнөкөйлөтүү, экологиялык жактан таза каттамдарды жайылтуу жана башка пландар кирет.

Өлкө ичиндеги туристтик багыттарды кеңейтүүгө, көрсөтүлө турган кызматтардын сапатын жогорулатууга жана инфраструктураны модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулууда. Бул чаралар Кыргызстанды Борбордук Азиядагы туруктуу, атаандаштыкка жөндөмдүү жана таанымал туристтик өлкөгө айландырууга, ошондой эле ички туризмди өнүктүрүү, аймактарды активдүү таанытуу жана саякатчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү аркылуу туристтердин агымын көбөйтүүгө багытталган.