Бишкек, 01.05.26 /Кабар/. Чуңкурчак капчыгайында Кыргызстандын Альпинизм федерациясы тарабынан уюштурулган жыл сайын өткөрүлүүчү альпиниада болуп өттү. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, иш-чарага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн эки миңден ашуун адам катышты.
1952-жылы Альпинисттик лагерь түзүлгөндөн бери бул жерге Советтер союзунун бардык тарабынан альпинисттер келип, биринчи даражадагы татаалдыктагы чокуларга чыгып турушкан. Ар кайсы жылдары Ала-Арчадагы чокулар багындырылган. Көпчүлүк учурда альпинисттер 4200 метр бийиктиктеги Комсомолец чокусуна чыгышкан.
Бул жылы Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын чечими менен Чункурчак капчыгайында жайгашкан Альпиниада чокусу (4010 м) тандалды. Маршруттун узундугу бир багытта болжол менен 8,5 чакырымды түздү.
Иш-чаранын аймагында уюштуруучулар бардык керектүү шарттарды түзүштү. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана кесипкөй куткаруучулар иш алып барып, зарыл учурда жардам көрсөтүүгө даяр турушту.
Спортчулар жана тоо туризмин сүйүүчүлөр жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 4–5 чамасында жолго чыгышты. Биринчилерден болуп чыккан катышуучулардын айтымында, көтөрүлүү бир тарапка болжол менен беш саатка созулган. Катышуучулар белгилешкендей, маршрут салыштырмалуу жеңил жана жөө жүрүүгө ылайыктуу болгон, ал эми чокудан ачылган кооз көрүнүштөр өзгөчө таасир калтырган.
Мамлекеттик туризмди өнүктүрүү агенттигинин директору жана Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов да альпиниадага катышты. Ал кесипкөй альпинизмдеги чоң тажрыйбасына карабастан, бул чокуга өзгөчө сезим менен чыкканын белгиледи.
Кубатовдун айтымында, Кыргызстанга туристтердин агымынын көбөйүшүнүн негизги себептеринин бири — өлкөнүн тоолору. Ал мындай тоолор дүйнөнүн башка жеринде жок экенин баса белгиледи. Ошондой эле ал тоо туризми баштапкы деңгээл болсо, альпинизм андан да жогору турган, кесипкөй спорт түрү экенин айтты.
Альпиниаданын катышуучуларынын бири — Германиядан келген альпинист акыркы жылдары Кыргызстанда тоо туризминин өсүшү байкалып жатканын белгиледи.
“Мен 16 жашымдан бери альпинизм менен алектенем, Кыргызстанда көп жылдан бери жашайм жана бул мен үчүн төртүнчү альпиниада. Бүгүнкү көтөрүлүү абдан кызыктуу болду. Бул жолу тандалган локация өзгөчө ийгиликтүү болду деп эсептейм. Мен өлкөгө биринчи жолу 2016-жылы келгем жана ошол убакыт менен салыштырганда инфраструктуранын, гиддердин сапатынын жана иш-чараларды уюштуруунун кыйла жакшырганын көрүүгө болот”, — деп белгиледи ал.