Кыргызстандын капчыгында төртүнчү алтын: Раззак Бейшекеев жеңишке жетти

Спорт Загрузка... 08 Апрель 2026 19:00
2935199.95bf5b4b9c8de36486bbe92a51c12209.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалга татыды.

Спортчу грек-рим стилинде 67 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти чейрек финал баскычынан баштады. Алгачкы беттешинде Бейшекеев кореялык балбан менен кез келип, 5:1 эсебинде жеңишке жетти. Жарым финалда кыргыз балбаны ирандык спортчуну 9:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.

Алтын үчүн болгон беттеште кыргыз балбаны япониялык спортчуну 8:2 эсебинде артта калтырып, Азиянын чемпиону аталды.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Бишкектеги "Жаштык" аренада спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Мелдешке жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулууда.

Эске салсак, кечээ Азия чемпионатында балбандар Афтандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов, Асан Жанышов Кыргызстандын капчыгына 3 алтын медаль алып келген.