Грек-рим күрөшү боюнча кураманын машыктыруучулары толугу менен жумуштан кетти

Спорт Загрузка... 25 Сентябрь 2025 11:15
1608205037 (1).jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.09.25 /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучу курамы өз каалоосу менен ишин аяктады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Күрөш федерациясынын башкы катчысы Сейтек Толтоев билдирди.

Анын айтымында алдыңкы күндөрү кайрадан шайлана турган машыктыруучулар курамы тууралуу маалыматтар берилет.

Белгилей кетсек, Уран Калилов башкы машыктыруучу, Азат Бейшебеков улук машыктыруучу, Атай Замирбеков 23 жашка чейинки спортчулардын курама командасынын машыктыруучусу болгон.

10 күнгө созулган Загреб шаарындагы дүйнө чемпионаты өз жыйынтыгына келип, Кыргызстандын балбандары жалпы 5 медаль менен өлкөгө кайтып келишти.