Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан Азия кубогунда тайпалык этапта оюндарды аяктады.
Кыргызстан курамасы А тайпасында ойноп, Ирак жана Индонезия курамалары менен беттешти. Эске салсак, бул турнирде ар кайсы мамлекеттен 16 күчтүү курама тандалып, төрт тайпага бөлүнгөн. Тайпадан биринчи жана экинчи орунду алган команда кийинки баскычка чыгат.
27-январда футзалчылар Ирак курамасы менен беттешип, эсепти биринчи ачканы менен, 2:4 эсебинде жеңишти сактай алган жок.
29-январда өткөн экинчи оюнда Кыргызстан Индонезия курамасы менен кез келди. Оюн өтө чыңалуу менен өтүп, кыргыз футзалчылары бир нече жолу алдыга чыкса да, акыркы эсеп 3:5 болуп, каршылаштар жеңишти камсыздашты.
Кыргызстан курамасы эки оюнда тең утулуп, жыйынтыгында А тайпасынан кийинки баскычка чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
Бул мелдеш футболдун өнүгүшүнө жаңы дем берип, жаш футзалчылар үчүн баалуу тажрыйба топтоого жана келечекте алдыга жылууга шыктандырат.
Бекмырза Айдар уулу, "Кабар" маалымат агенттиги