Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ноябрь айындагы ФИФА даталарында окуу-машыгуу жыйынын жана беттештерди өткөрбөйт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, ноябрь айында жана ФИФА даталарында Кыргызстандын жаштар U-23 курама командасынын 2026-жылкы Азия кубогуна даярдыгына өзгөчө көңүл бурулуп, ага басым жасалат. Бул маанилүү турнир 2026-жылдын январь айынын башында старт алгандыктан кыска мөөнөттүү даярдыкты талап кылат.
Мындан улам ноябрь айында Кыргызстандын жаштар курама команданын катышуусу менен өлкөдө эл аралык мелдеш өткөрүлөт.
Кыргыз футбол биримдигинен мелдеш боюнча толук маалымат жакынкы убакытта жарыяланарын кошумчалашты.