Эл аралык аренадагы ордубуз жана кадыр-баркыбыз бекемделет – Жекшенкулов

Саясат Загрузка... 04 Июнь 2026 13:50
780454.46c11c40f149aec4b864dd804a658e4a.width-800.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен өлкөнүн эл аралык аренадагы орду жана кадыр-баркы кыйла бекемделет. Бул тууралуу Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, коомдук жана саясий ишмер Аликбек Жекшенкулов билдирди.

Ал кыргызстандыктарды бул тарыхый окуя менен куттуктап, жеңиш көп жылдык эмгектин үзүрү экенин белгиледи.

“Мен кыргызстандыктарды жана дипломаттарыбызды өлкөбүздүн 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктайм. Бул кыргыз дипломатиясы үчүн чоң жетишкендик, өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын чыңдоо жана улуттук кызыкчылыктарын алга жылдыруу боюнча көп жылдык ишинин натыйжасы”, - деди Жекшенкулов.

Белгилей кетсек, Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Шайлоого жалпысынан 191 мамлекет катышып, жыйынтыгында өлкөбүз 142 добуш менен ишенимдүү жеңишке жетишти. Кыргызстандын аталган кеңештеги туруктуу эмес мүчөлүгүнүн расмий иши 2027-жылдын 1-январынан тартып башталат.