Кыргызстандын экономикасынын өсүшү: ИДП рекорддук көрсөткүчкө кантип жетти?

Аналитика Загрузка... 19 Декабрь 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-12-19 at 13.13.34 (1).jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Ички дүң продукт – өлкөдө бир жыл ичинде өндүрүлгөн бардык товарлар менен кызматтардын жалпы баасы. Башкача айтканда, өндүрүш, айыл чарба продуктулары, курулуштар, кафе-ресторандардагы, туристтик чөйрөдөгү тейлөө, деги эле экономиканын бардык тармагында өндүрүлгөн продукциялар менен көрсөтүлгөн кызматтардын баарынын рыноктук наркынын суммасы. Экономикадагы жетишкендиктер, калктын жашоо деңгээли дал ушул ИДП менен бааланат.

Акыркы 11 айдын жыйынтыгы менен ички дүң продукция 1 трлн 628 млрд 600 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 10,2% жогорулаган. Өкмөт жыл аяктагыча сумма 1 трлн 779 млрд сомго жетерин айтууда. Бул көрсөткүч ийгиликтүү деп эсептелинип, Кыргызстан ИДПнын өсүү ыргагы боюнча дүйнөнүн алдыңкы үч өлкөсүнүн бири болду. 2024-жылы биздин өлкө беш мамлекеттин бири эле. Ал эми акыркы беш жылды алсак ИДП дээрлик 3 эседен ашык көбөйгөнүн көрүүгө болот.

image.png

Айтмакчы, 2010-2020-жылдар аралыгында ИДП 3,5-5% өсүштө болуп, 600 млрд сомго чыкпаган көрсөткүчтө эле. 2020-жылы 8,6% төмөндөп, ИДПнын көлөмү 639 млрд сомду көрсөткөн. Мунун негизги себеби катары ошол убактагы пандемиянын экономикага тийгизген кесепети аталган. Мындан сырткары эксперттер тармактагы саясаттын алсыздыгы, жалпы башкаруунун натыйжасыздыгы да өз салымын кошконун белгилешип, мындан аркы экономикалык абал бийликке жаңы келген Садыр Жапаровдун саясатына байланыштуу болорун эскертишкен.

Беш жыл ичиндеги экономикалык жана фискалдык саясаттын жыйынтыгында ИДПнын көлөмү 700 млрд сом чегинен 1,7 трлн сомго жакындап калды. Аны киши башына бөлсөк 2 миң 770 доллардан тиет. Маалыматтар боюнча, калктын жан башына ИДПнын көлөмү 10 жыл ичинде (2010-2020-жылдары) 311 долларга өскөн. 2020-жылы 900 доллар болгон.

image.png

ИДПнын өсүүсү өз кезегинде мамлекеттин бюджетинин өсүшүн шарттайт. Быйыл республикалык бюджет 605,5 млрд сомго жетти. 2024-жылы 464 млрд сом болчу. Мындан беш жыл мурдагы көрсөткүчтү ала турган болсок - 209 млрд сом чегинде эле. Демек, беш жыл ичинде казына 3 эсе көбөйдү десе болот. Буга чейин бюджеттеги каражаттын жарымына жакыны негизинен социалдык кем-карчты жабууга жумшалып келсе, быйыл өнүктүрүү үчүн да колдонууга мүмкүнчүлүк ачылды.

“Чыгашалардын 35 пайызга жакыны реалдуу секторду өнүктүрүүгө, 23 пайызы социалдык тармакка багытталууда. Ошондой эле 20 пайыздан ашыгы эмгек акы төлөөгө, 6 пайыздан ашыгы капиталдык чыгашаларга жумшалууда.

Кошумча табылган каражаттардын олуттуу бөлүгү капиталдаштырууга багытталууда. Мисалы, бүгүнкү күндө өлкөдөгү эң ири банкка айланган “Элдик банкка” 64 млрд сом капиталдаштырууга салынды.

Мындан тышкары, капиталдык салымдарга 50 млрд сомдон ашык каражат багытталууда. Баштапкыда 10 млрд сом деп каралган каражат азыр 60 млрд сомго чейин көбөйтүлдү. Бул каражаттар негизинен инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде мектептерди, ооруканаларды жана башка маанилүү объекттерди курууга жумшалууда”, - деди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.

Республикалык бюджет Кыргызстандын консолидацияланган (бириктирилген) бюджетинин басымдуу бөлүгүн түзөт. Бүгүнкү күнү консолидацияланган бюджеттин көлөмү 1 трлн 93 млрд сомдон ашты. Анын дээрлик 86% салык жана бажы жыйымдарынан келген каражат. Салык кызматы 2025-жылдын 11 айында салык менен камсыздоодон 349,8 млрд сом жыйнаган. Бажы кызматынан 137 млрд сомдон ашык каражат бар. Ошондой эле Социалдык фонд менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин кошкондо 130 млрд сомдун тегерегинде. Ал эми Улуттук банктын кирешелери 33 млрд сомдон ашык.

Ошол эле учурда биздин экономика инфляциянын жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялардын таасиринде калууда. Улуттук банктын маалыматы боюнча, учурда инфляция 9,2% чегинде. Экономисттердин пикиринде бюджеттин профицитин инфляцияны көзөмөлдөөгө колдонсо болот. Эске салсак, быйыл республикалык бюджеттин чыгашасы 588,2 млрд сом, ал эми кирешеси 598,5 млрд сом болуп, айырма 10,3 млрд сомго жеткен.

“Профицит инфляцияны жумшартат, анткени ашыкча каражат сарпталбай, Улуттук банктын резервдерин чыңдайт. ИДПнын 1,6%ын түзгөн инфраструктуралык чыгымдар көбөйсө суроо-талап да көтөрүлүп, инфляцияны 6-7%га чейин жогорулатышы мүмкүн. Улуттук банктын саясаты жана фискалдык тартип бул тобокелдикти азайтат. Жалпысынан божомолдор позитивдүү – профицит инфляцияны көзөмөлдөөгө жардам бере алат”, - дейт экономист Искендер Шаршеев.

Кыргызстандын казынасынын көбөйүшү биздин өлкөнүн эл аралык аброюна да таасирин тийгизүүдө. Алсак ИДПнын 10,2% өсүү темпи боюнча Кыргызстан дүйнөлүк мамлекеттердин үчилтигине кирди. Жакында эле америкалык Bloomberg агенттиги Кыргызстандын экономикасы боюнча макала чыгарды. Анда басылманын авторлору Кыргызстан өзүн Борбор Азиядагы “экономиканын илбирси”, башкача айтканда, тездик менен экономикалык өсүүгө бара турган өлкө катары көрсөтүү пландалганы белгилеген.

“2025-жылы Кыргызстан евро облигацияларды сатуу аркылуу 700 млн АКШ долларын алып келди. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу сымал ири эл аралык долбоорлорго катышуу менен экономиканы колдоо жана глобалдык инвесторлордун көңүлүн буруу аракетинде”, - дейт Bloomberg.

Ошондой эле акыркы жылдардагы дүйнөлүк геосаясий окуяларга, Россия, Кытай сымал гиганттардын таасирине, Борбор Азиядагы атаандыштыкка карабай Кыргызстан аймактык жана глобалдык соодага кызуу катыша алганы жазылган. Экономист Төлөнбек Абдыров өлкөнүн экономикалык жетишкендиктери тармактагы реформалар, ИДПнын өсүүсү жана инвестицияларды тартуу менен камсыздалганын белгилейт.

“Ички дүң продукцияга бул жолу өндүрүш, фармацевтика жана курулуш тармагынын үлүшү чоң болду. Мурда Кыргызстандын бюджети дефицит менен чыгып, башка мамлекеттерден жардам сурап эле жүрчүбүз. Эми өз муктаждыктарыбызды өзүбүз жабууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Азыркы экономика Кыргызстанга аброй алып келди десем болот”, - дейт экономист Төлөнбек Абдыров.

Эми өкмөттүн алдында каражатты сарамжалдуу жана майнаптуу колдонуу иши турат. Ошондой эле дүйнөлүк чакырыктар алдында жергиликтүү экономиканы алдыга жылдырууга шарт түзгөн реформаларды, мамлекеттик кызматтардын ишин жакшыртууну, фискалдык тартипти чыңдоону, санариптик трансформацияны, көмүскө экономиканы легалдаштырууну жана инвестициялык шарттарды жакшыртууну жаңы дем менен улантуу зарылчылыгы турат. Анткени ар кандай дэңгээлдеги өнүктүрүү программаларында, долбоорлорунда белгиленген максаттарды ишке ашыруу үчүн экономиканын өсүү темпин сактап калуу керек.