Кыргызстандын экономикасынын 10%дан жогору өсүшү туруктуу тенденцияга ээ

Экономика 24 Август 2026 18:20
891ac19a-82dc-445d-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Евразия өнүктүрүү банкынын 2026-жылдын алгачкы жети айына карата акыркы аналитикалык маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 11,1%га өстү. Аналитиктердин баамында, тышкы экономикалык шарттардын, анын ичинде энергия булактарынын баасынын өсүшүнө карабастан өлкө экономикасы ИДПнын оң динамикасын сактоо үчүн жетиштүү коопсуздук чегине ээ.

Бул өңүттө өкмөттүн мунай заттарына баанын өсүшүн кармап турууга багытталган чараларын белгилөөгө болот. Кыргызстанда керектелген мунай заттарынын 90%дан ашыгы чет өлкөдөн импорттолот. Өкмөт жеткирүүчүлөрдү субсидиялоо аркылуу күйүүчү-майлоочу майларды сатып алуу баасы менен Кыргызстандагы май куюучу жайлардагы сатуу баасынын ортосундагы айырманы жабууда. Күйүүчү майдын маркасына жараша бир литрине болгон айырма 25 сомдон 37 сомго чейин жетет. Демек, мамлекеттик деңгээлде бул олуттуу сумма болуп саналат. Ошого карабастан, бийлик инфляцияны кармап туруу үчүн калкты жана бизнести колдоону улантууда. Анткени, керектөө товарларынын баасынын кескин өсүшү өлкөгө мындан да олуттуу зыян келтириши мүмкүн.

Серепчилер белгилегендей, жалпысынан Кыргызстанда экономикалык абал туруктуу жана болжолдуу. Министрлер кабинети тышкы басымга туруштук берип, экономиканын негизги кыймылдаткычтары — курулуш тармагы, өсүшүн улантып жаткан кайра иштетүү өнөр жайы жана соода тармагы — туруктуу оң динамикасын сактап калууда.

Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери 2026-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын ИДПсы 10%дан жогору өсөт деп күтүшүүдө.