Кыргызстандын экономикасында туруктуу өсүш динамикасы сакталууда

Экономика 14 сентябрь 2026 11:35
WhatsApp Image 2026-09-14 at 11.20.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-14 at 11.23.58.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-14 at 11.20.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-14 at 11.23.58.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 1 трлн 976,4 млрд сомду түзүп, экономикалык өсүш 11,1 пайызды камсыздады. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Умутжан Аманбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин бүгүнкү жыйынында 2025-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөнүн экономикасында туруктуу өсүш динамикасы байкалууда.

Алсак, 2014-жылы ИДПнын көлөмү 400,7 млрд сомду түзсө, 2015-жылы 430,9 млрд сом, 2016-жылы 476,3 млрд сом, 2017-жылы 530,5 млрд сом, 2018-жылы 569,4 млрд сом болгон.

2019-жылы ИДП 654 млрд сомго жеткен. Ал эми 2020-жылы коронавирус пандемиясынын таасиринен улам экономикалык көрсөткүч төмөндөп, ИДПнын көлөмү 598 млрд сомду түзгөн. Ошол жылы экономикалык өсүш 8,6 пайызга төмөндөгөн.

Маалымдалгандай, 2021-жылдан тартып өлкө экономикасы кайрадан өсүү траекториясына түшүп, ИДП 782,8 млрд сомду түзгөн. 2022-жылы бул көрсөткүч 1 трлн 20,7 млрд сомго, 2023-жылы 1 трлн 333,7 млрд сомго, 2024-жылы 1 трлн 582,8 млрд сомго жеткен.

Ошону менен катар экономикалык өсүштүн темпи да жогорулаган. Тактап айтканда, 2022 жана 2023-жылдары экономикалык өсүш 9 пайыздын тегерегинде болсо, 2024-жылы 11,5 пайызды, 2025-жылы 11,1 пайызды түзгөн.

Ошентип, 2025-жылы ИДПнын көлөмү 1 трлн 976,4 млрд сомго жетип, акыркы жылдардагы жогорку экономикалык өсүш темпи сакталгандыгы кошумчаланды.