Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын бардык аскер бөлүктөрүндө психологдор бар. Бул тууралуу коргоо министринин милдетин аткаруучу Руслан Мукамбетов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде билдирди.
Анын айтымында, аскер өтөөгө милдеттүүлөрдү изилдеген атайын программа бар.
“Алар бөлүмгө келгенге чейин жана кийин текшерилет. Ошондой эле бөлүккө келген бардык жоокерлер тереңдетилген медициналык кароодон өткөрүлөт”, - деди Мукамбетов.
Белгилей кетсек, бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети коргоо министри кызматына Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин кароодо.